Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда

Ахмет Ясави атындагы эл аралык Казак-Түрк университетинин проректорлору Кыргыз-Түрк “Манас” университетине иш сапары менен келишти.



Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Түрк дүйнөсү университеттеринин бири Ахмет Ясави атындагы эл аралык Казак-Түрк университетинин проректорлору доценттин м.а. Мустафа Эрен жана доценттин м. а. Нурлан Батырбаев Кыргыз-Түрк “Манас” университетине иш сапары менен келишти.
Коноктор алгач окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы менен, андан соң университеттин администрацивдик кызматкерлери менен жолугушту.
Манас ФМ радиосунун түз эфирине конок болгон доценттин м.а. Мустафа Эрен: “Бул жака бизге берилген милдеттеме боюнча Манас университетинин иш тажрыйбаларынан пайдаланууга келдик. Анткени бул окуу жай кыска убакыттын ичинде көп ийгиликтерди багынтты. Биз да университетибизде социалдык камсыздоо, финансылык иштер сыяктуу тармактарда өзгөртүүлөр жасоону каалайбыз жана ал өзгөртүүлөрдү кылуу үчүн башка моделдерден үлгү алып жатабыз. Ал эми бизге эң жакын, эң жакшы, эң ыңгайлуу ишке аша турган үлгүлөрдөн бири Кыргыз-Түрк “Манас” университети болуп эсептелет. Бул максатта университеттин ашкана, жатакана, кафетерия сыяктуу системаларынын инфраструктурасы жана тейлөө тажрыйбалары менен жакындан таанышуу үчүн тиешелүү кишилер менен сүйлөштүк. Бул биздин биринчи таанышуу кадамдарыбыз болду. Мындан кийинки процесстерде жалгыз гана социалдык камсыздоо жагынан эмес, интеллектуалдык жана илимий профессионалдык деңгээлде мамиле түзүүнү пландап жатабыз”,-деди.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы тууралуу, “Айкөл жана атадай камкор мамилесине абдан кубандык. Биз да ушундай атмосфераны күтүп жаткан элек”,-деген пикирин билдирген Мустафа Эрен, “Кызмат ордунда көпкө иштеген адамдардын башкаларга салыштырмалуу дагы пайдалуу иштерди аткарарына күбө болдум. Мунун эң мыкты далили да Себахаттин агай”,-деди.
КТМУ менен кызматташууга, иш тажрыйбалары менен бөлүшүүгө келишкенин билдирген Нурлан Батырбаев, Манас университетинин технологиялык инфраструктурасы, окутуу программасы кыска убакыттын ичинде натыйжалуу болгонун эске салып, бул окуу жайда билим алып жаткан студенттерге ар тараптуу өнүгүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.


Загрузка плеера...


Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда Ахмет Ясави университетинин проректорлору КТМУда

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться