Ага окутуучу Гүмүш «ϴзөктүү маселе» программасынын коногу болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ага окутуучу Гүмүш «ϴзөктүү маселе» программасынын коногу болду

Ага окутуучу Гүмүш «Ала-Тоо 24» каналынын коногу болуп катышып келди.



Жакында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары жана ага окутуучу Мүхиттин Гүмүш «Ала-Тоо 24» каналынын «ϴзөктүү маселе» көрсөтүүсүнүн коногу болуп катышып келди. Аталган көрсөтүүнү Нуржан Ташболот кызы алып барган. Эскерте кетсек, ал КТМУнун Коммуникация факультетинин бүтүрүүчүсү.
«ϴзөктүү маселе» көрсөтүүсүнүн түз эфиринде ага окутуучу Мүхиттин Гүмүш телекөрүүчүлөргө кыргыз тилин чет тил катары окутуп-үйрөтүүнүн тарых-таржымалы, учурдагы абалы, тектеш тилдерди окутуунун маселелери, тилди чет тил катары жана эне тил катары окутуунун айырмачылыктары, андагы мугалимдин орду, тилди үйрөнүү үчүн сөз байлыгын өстүрүү керектиги жана учурда Евросоюздун тил үйрөтүүнүн эрежелерине ылайыкталып, теориялык жана практикалык маалыматтардын негизинде чыккан 6 томдук «Алтын көпүрө» кыргыз тили окуу китеби тууралуу айтып берди.


Загрузка плеера...


Ага окутуучу Гүмүш «ϴзөктүү маселе» программасынын коногу болду Ага окутуучу Гүмүш «ϴзөктүү маселе» программасынын коногу болду Ага окутуучу Гүмүш «ϴзөктүү маселе» программасынын коногу болду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться