Түркия Непалга жардам көрсөтүп жатат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркия Непалга жардам көрсөтүп жатат



7,8 баллга жеткен жер силкинүү орун алган Непалга Түркия мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу өзүнүн гуманитардык жардамдарын берүүдө.

Соңку 80 жылдагы эн ири кыйраткыч жер силкинүүсү катары бааланып жаткан Непалдагы табият кырсыгынан жабыркагандарга Түркия өкмөтү тамак-аш,медициналык жана гигиеналык каражаттарды жеткирип берди.

Мындан сырткары Түркия өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгы,саламаттыкты сактоо министрлигин менен биргеликте Непалдагы кырсык орун алган жерге куткаруу бригадаларын уюштуруп, жеринде жардам көрсөттү.Тактап айтканда кырсык болгон Катманду аймагында,андан соң Покхара шаарында Түркиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгынын, саламаттыкты сактоо министрлигинин 38 кызматкери,Кызыл Чырым уюмунун 4, "Гея" уюмунун 15, гуманитардык жардам фондусунун 13 жана издөө-куткаруу бөлүктөрүнүн 28 кызматкерлери куткаруу, издөө иштерин жүргүзүштү.

Дүйнөнүн 22өлкөсү менен катар эле Түркия Республикасы да Непалга издөө куткаруу ишине жигердүү катышып,жалпысынан табият кырсыгы орун алган Непалга 16 тонна гуманитардык жардам көрсөттү.


Aynagul Mukambetova
Гости

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться