Студенттер «Үркүн» тасмасынын чыгармачыл тобу менен жолугушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Студенттер «Үркүн» тасмасынын чыгармачыл тобу менен жолугушту

«Үркүн» көркөм тасмасынын чыгармачыл тобунун жолугушуусу болуп өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 7-февраль күнү Коммуникация факультетинин студенттери менен  Кыргыз элинин оор тагдыры чагылдырылган «Үркүн» көркөм тасмасынын чыгармачыл тобунун жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарага “Үркүн” тасмасынын чыгармачыл тобу, Коммуникация факультетинин окутуучулары жана студенттер катышты.
Тасманын жаратуучуларынын айтымында аталган фильм «Тарых жана маданият» жылына, Үркүндүн 100 жылдыгына арналып, анда кыргыз элинин улуттук - боштондук кыймылы, аска-белде сүрөттөлгөн окуя көрсөтүлүп, тарыхый чындыкты тасма аркылуу чагылдырууга аракет кылышкан.
Фильмдин режиссеру жана сценаристи Мухтар Атаналиев тасма 1916-жылдагы окуяга арналып тартылган биринчи көркөм фильм жана тасманын башкы максаты - ата-бабалар баштан кечирген тарыхты эскерүү, Үркүн темасын жаш муунга жеткирүү маанилүү экендигин айтып берди. Ошондой эле ал өз сөзүндө тарыхыбызды билбесек келечекти кура албайбыз деп кошумчалады.
Тасма көрүүчүлөрдүн назарына сунушталгандан кийин студенттер тасманын жаратуучуларына өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, бири-бири менен пикир алышты.
Белгилей кетсек, Үркүндүн 100 жылдыгына карата бул тасма биринчи жолу тартылган. Тасмада 1916-жылы жан айласын издеп туш тарапка качкан кыргыз элинин оор тагдыры чагылдырылган. Фильмди тартуу процесси бир жылга созулуп, 1 кылым мурда болуп өткөн улуттук - боштондук кыймылын экрандаштырууда 100 миң доллардын тегерегиндеги каражат сарпталган. Фильмди тартууга жалпысынан 1000ге жакын адам катышып, 50-60 артист ойногон. Фильмге башкы продюссерлик Мухтар Атаналиев жана Метин Учкеев режиссёрлук кылып, "Саякбай манасчы" коомдук фонду демилгечилик кылган.

Студенттер «Үркүн» тасмасынын чыгармачыл тобу менен жолугушту Студенттер «Үркүн» тасмасынын чыгармачыл тобу менен жолугушту Студенттер «Үркүн» тасмасынын чыгармачыл тобу менен жолугушту Студенттер «Үркүн» тасмасынын чыгармачыл тобу менен жолугушту Студенттер «Үркүн» тасмасынын чыгармачыл тобу менен жолугушту Студенттер «Үркүн» тасмасынын чыгармачыл тобу менен жолугушту

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться