«Айырмалардагы теңдемелер жана алардын практикада колдонулушу» деген темада семинар өттү.
2017-жылдын 1-февраль күнү Экономика жана башкаруу факультетинин профессору Анаркүл Урдалетова студенттер үчүн «Айырмалардагы теңдемелер жана алардын практикада колдонулушу» деген темада семинар өттү.
Анда профессор студенттерге турмуштагы динамикалык системалардын математикалык моделинен айырмалардагы теңдемелерди колдонуп түзүү, математикалык тилинде изилдөө, экономикалык, менеджмент жана физикалык тилде интерпретациялап чечим чыгаруу тууралуу маалымат берди.