“Атактуу” жаныбарлар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Атактуу” жаныбарлар

Жыл сайын жаныбарлардын, өзгөчө курт-кумурскалардын арасында жаңы түрлөр миңдеп ачылат.



Жыл сайын жаныбарлардын, өзгөчө курт-кумурскалардын арасында жаңы түрлөр миңдеп ачылат. Түрдү ачкан окумуштуулар кээде өзүнүн сүйүүсүн, урматын бирлдирүү максатында же болбосо кандайдыр бир окшоштуктарды көргөндүгү үчүн жаңы түрдү кайсы бир атактуу адамдын атынан атап коюшат. Албетте, өз атынан коюлган жаныбардын болушу сыймык дешиңиз мүмкүн. Бирок кээде сыймыкты да мазактоо менен алмаштырып алуу мүмкүн экен.

Төмөндө атактуулардын атынан коюлган 5 жаныбарга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

 

Baracktrema obamai

Обаманын урматына аталган көптөгөн жаныбарлар бар экен. Бирок алардын арасында кээде ушундай жандыктар табылат, урмат-сый же шылдың экенин айырмалай албай баш катат. Мисалы, 2015-жылы Индиана штатындагы Сэнт-Мэри колледжинин профессору, биолог Томас ПлаттАКШ президентинин урматына мите-куртка ысым бериптир. Адамдын чачынын калыңдыгында болуп, узундугу бир нече миллиметр келген Baracktrema obamaiташ баканын канында жашайт экен. Плат мындай атоонун себебин журналисттерге:“Бул эч кандай мазактоо эмес. Болгону ал узун, ичке жана Обамага окшош экен”,- деп түшүндүрөт.

 

Neopalpa donaldtrumpi

Бири Обамага жагынайын деп мите куртту анын урматына атап жатса, башкалары Дональд Трамптын президент болорун билгенби, айтор, ага окшош көпөлөктү таба коюшуптур.Түрдү ачкан канадалык биолог Вазрик Назари ага Neopalpa donaldtrumpi атын берген. Ачылыш расмий түрдө 2017-жылдын 17-январь күнү Zoo Keys журналында жарыяланган. Негизги окшоштук көпөлөктүн башындагы сары кылчалары менен Трамптын чач жасалгасында экен. Бул түр Калифорния университетинин энтимология музейинде табылган деп жазат The Telegraph. Бул иш аракети менен окумуштуу аталган жаңы түрдүн жок болуп кетпөөсүнө жардам кылам деген ниетте экен.

 

Leninia stellans

Мындай ысымды палеонтологдор бир нече жыл мурун Ульяновск облусунун Криуши кыштагынын жанында табылган ихтиозаврга беришиптир. Бул суу жаныбары болжол менен 120 миллион жыл мурун жашап моллюск жана балык менен азыктанган.

Ачылыш тууралуумакала Кембридж университетинин Geological Magazineжурналында жарыяланган. Ихтиозаврдын калдыктары Ульяновск облусундагы Ленин мемориалдык комплексинде сакталгандыктан ал Leninia stellans деп аталып калган. Латын тилинен которгондо “жаркыраган ленин” дегенди түшүндүрөт экен.

 

Propionibacterium Zappae

2014-жылы 19-февралда Molecular Biology and Evolution журналындаиталиялыкбиологдор Андреа Кампизано жана Омар Рота-Стабелли тарабынанPropionibacterium acnes тобунда жаңы бактерия табылгандыгытууралуу макала жарыяланган. Ал адамдын терисинде жашап,анын активдүү көбөйүшү безеткилердин пайда болушуна себеп болгондугу аныкталган. Фрэнк Заппа аттуу музыканттын атынан коюлган бул түр, адамдар 7000 жыл мурда жүзүмдү өстүрө баштаганда, адамдан өсүмдүккө өткөн. Бул бактериянын адамдан өсүмдүккө өткөн тарыхтагы биринчи учуру. Ал эми бактериянын мындай аталып калганын себеби эң эле жөнөкөй. Окумуштуулар кыймыл аракети Фрэнк Заппаныкындай күтүүсүз болгон бул түрдү изилдөөнүн үстүндө иштеп жатканда Заппанын музыкаларын угушкан экен.

 

 

Eristalisgatesi

Билл Гейтстин атынан аталган сейрек кездешүүчү аарыны бир гана Коста-Риканын тоолуу токойлорунда жолуктурууга болот. Майкрософттун негиздөөчүсүнүн чымын-чиркейлерди изилдөө иштеринде демөөрчүлүк кылгандыгы үчүн окумуштууларжаңы табылган түрдү Гейтстин урматына атоону чечишкен.

 

http://zookeys.pensoft.net/articles.php?id=11411

http://www.telegraph.co.uk/science/2017/01/17/meet-neopalpa-donaldtrumpi-threatened-moth-named-donald-trump/

https://www.cambridge.org/core/journals/geological-magazine/article/div-classtitlea-new-lower-cretaceous-ichthyosaur-from-russia-reveals-skull-shape-conservatism-within-ophthalmosaurinaediv/AE0541AE252708FE2F979DFCA583FAA1

http://nversia.ru/news/view/id/37079

 

Даярдаган: Арген Надыркулов

“Атактуу” жаныбарлар “Атактуу” жаныбарлар “Атактуу” жаныбарлар “Атактуу” жаныбарлар “Атактуу” жаныбарлар “Атактуу” жаныбарлар “Атактуу” жаныбарлар “Атактуу” жаныбарлар “Атактуу” жаныбарлар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться