Кыргыз киносуна саякат: “Эрте келген турналар” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз киносуна саякат: “Эрте келген турналар”

Бүгүнкү программада “Эрте келген турналар” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.



Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Бүгүнкү программада “Эрте келген турналар” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.

Кыргыз киносунун шедеврлери ичинде “Эрте келген турналар” тасмасы өзгөчө орунду ээлейт. Ал учурунда көптөгөн көрүүчүлөргө тартууланып “мыкты” деген баага арзыса, азыр деле өз күйөрмандарын жоготпой, үзгүлтүксүз көрүлүп келет.

 

Тартуучу топ:

Режиссёр – Болот Шамшиев

Сценарий – Чыңгыз айтматов, Болот Шамшиев

Оператор – Сергей Тараскин

Композитор – Александр Кнайфель

Сүрөтчү - Виктор Амельченков

 

Тартылган актёрлор:

Эмил Борончиев - Султанмурат

Нургүл Кендирбаева – Мырзагүл

Марс Кутманалиев – Анатай

Сүймөнкул Чокморов - Султанмураттын атасы

Гүлсара Ажыбекова - Султанмураттын апасы

Сүйүтай Шамшиева - Султанмураттын карындашы

Советбек Жумадылов - Султанмураттын таякеси

Орозбек Кутманалиев - бандит ж.б.

 

Тасманын дареги: Аталган фильм Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде 1978-1979-жылдары тыртылган. Тартуу иштери Чүй облусунда жүргөн.

            Чоң экранга 1979-жылдын февраль айынан тартып чыга баштаган.

 

Сюжетин эске салалы:

Кандуу согуш жылдары кичинекей кыргыз айылына да таасирин тийгизет.Атасы согуш талаасына аттаган  он төрт жаштагы Султанмурат үй-бүлөсүнүн ишеничи болуп калат.

Кыштын кыраан чилдесинде  суук мектепте сабак өтүп жаткан Султанмураттын классына колхоз башчысы келип, жардам керектигин айтып Султанмуратты жана анын досторун каралбай калган аттары багууга алып кетишет. Ошентип бул балдар өз убагынан эрте бойго жетишет.

Аттардын абалын жакшыртуу үчүн көп күч жумшашат, бирок эң көп кыйынчылыктар али алдыда эле...

 

Биз көрбөгөн кадрлар:

Киного тартылуу үчүн Султанмураттын  40-50 өспүрүм келген экен. Бирок алардын арасынан Эмил Борончиев суурулуп чыгып тартылып калган.

Алгач кино студиядан чалып киного тартыласын дешкенде Эмил Борончиевдин ата-энеси “кайдагы кино?!” деп көңүл бурбай койгон. Кийин Болот Шамшиев өзү чалганда ишенишкен экен.

 Ал ошол учурда өспүрүм болгондуктан гонорарды апасы алчу.

Тасмадагы уурунун ролун аткарган Орозбек Кутманалиевдин баласы Марс Кутманалиев (Анатай) мурда эле атасы менен кино тартылып жаткан жерге бара берчү экен. Мындан тышкары, ал абдан тентек болуп көп кадрларга түшүп калган учурлары да болгон. Ошондуктан Марс Кутманалиевге тентек баланын образы берилген.

Тасма тоодо тартылып жатканда аябай катуу суук болуп, актерлор тоңуп калышчу экен. Марс Кутманалиев муну мындайча эскерет : “Тоодо тартылган жерибизде күн абдан суук эле. Үшүп такыр айлабыз кеткенде сасыганыбызга карабай арабанын ичинде жаткан эки чочконун жанына жатып жылынчубуз. Анткени, чочконун деми абдан күчтүү, эти ысык болчу.”

 

 

 


Загрузка плеера...


Кыргыз киносуна саякат: “Эрте келген турналар” Кыргыз киносуна саякат: “Эрте келген турналар” Кыргыз киносуна саякат: “Эрте келген турналар” Кыргыз киносуна саякат: “Эрте келген турналар” Кыргыз киносуна саякат: “Эрте келген турналар”

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться