Кыргыз киносуна саякат: “Кызыл алма” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз киносуна саякат: “Кызыл алма”

Бүгүнкү программада “Кызыл алма” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.



Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Бүгүнкү программада “Кызыл алма” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.

“Кызыл алма”  тасмасы 20-кылымдагы кыргыз элинин мен деген генийлери, адабият менен искусствонун корифейлери биргелешип жараткан шедевр чыгарма.

 

Тартуучу топ:

Режиссёру – Төлөмүш Океев

Сценарийин жазгандар – Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев

Оператору – Константин Орозалиев

Композитор - Шандор Каллош

 

Тартылган актёрлор:

Темир – Сүймөнкүл Чокморов

Бейтааныш сулуу – Таттыбүбү Турсунбаева

Сабира – Гүлсара Ажибекова

Анара – Анара Макекадырова

 

“Кызыл алма” тасмасы атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кыл калеминен жаралган чыгармага экинчи өмүр берген. Ал тартылгандан бери көп жыл өтсө да, экрандын көркү болуп, кыргыз кереметтеринин катарын толуктап келет.

 

Тасманын дареги:

            Сценарийин Ч.Айтматов, Т.Океев, Э.Лындина үчөө жазып чыгышкан. Советтик интеллигент үй-бүлөнү чагылдыруу үчүн тартылган тасма укмуштуудай ийгиликке ээ болгон. Курч сюжет, таланттуу режиссёр, профессионал актёрлордун тандалышы, оператордун чеберчилиги чогулуп келип, тасманы ийгиликке жеткирген.

Тасма 1975-жылы баш-аягы эки айдын ичинде Бишкекте, Ысык-Көлдүн Тамга айылында тартылып бүткөн.

            Ал эми  чоң экранга 1976-жылы 8-мартта чыккан. Прокатка чыгып турган учурда аталган фильмди 4 900 000 көрүүчү көргөн.

Фильм Советтер союзу тарабынан IX Дүйнөлүк кинофестивалга жиберилген.

Сюжетин эске салабыз:

            Интеллигент чөйрөдөгү бактылуу үйбүлө. Сүрөтчү Темир (Сүймөнкул Чокморов) менен диктор Сабиранын (Гүлсара Ажыбекова) бактылуу турмушуна көптөр көз артышат. Бирок экөөнү көп жылдар бою көрүнбөгөн бир дубал тосуп келет. Бул дубалды сүйүктүү кызы Анара да толтура албайт. Тагдыры бир болсо да, экөө эки башка жол менен кетип бара жатканын туйган Сабира Темирди ишке ашпас кыялы менен таштап, башка турмуш баштоону чечет. Окуянын түбү тээ алыс­кы жылдарга катылган эле.

Мындан көп жыл мурунку Темир бейтааныш сулууга (Таттыбүбү Турсунбаева) ашык болот. Бирок ал сулуунун сүрүнөн даап бара албай, кеч күздө бактан кызыл алма таап, аны ага белекке берүүнү чечет. Бейтааныш сулуу сүйүүнүн символу болгон кызыл алманы кабыл алганы менен, Темир аягында сүйүүсүнө жетпей кала берет. Ошентсе да ал жетпей калган сүйүүсүнүн элеси менен гана жашап, аялын капарына да албайт. Ал эми кичинекей Анара ата-энесинин мамилесин түшүнө албай жүргөн учурда жогорудагы окуя кайталанып, ал кызыл алма таап алат. Натыйжада, кызыл алма Темирдин өткөн сүйүүсүн унутуп, жашоодо өз ордун табууга жардам берет.

 

 

 

Кадр аркасы:

           

Темир менен Сабиранын үйү мурун Чыңгыз Айтматов жашаган үйдө тартылган.

Тасмадагы сүрөттөрдүн бардыгы Сүймөнкүл Чокморовдун калемине таандык.

Фильм тартуу учурунда фотосүрөтчү аракка берилип кеткендиктен, актёрлор сүрөткө дээрлик түшпөй калышкан.

Тасмадагы кызыл алманы атайын таңдап келишип, ошол жерге илип анан тартышкан.


Загрузка плеера...


Кыргыз киносуна саякат: “Кызыл алма” Кыргыз киносуна саякат: “Кызыл алма” Кыргыз киносуна саякат: “Кызыл алма” Кыргыз киносуна саякат: “Кызыл алма” Кыргыз киносуна саякат: “Кызыл алма” Кыргыз киносуна саякат: “Кызыл алма”

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться