КЫРГЫЗ ХОККЕЙ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН БҮГҮНҮ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КЫРГЫЗ ХОККЕЙ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН БҮГҮНҮ

Кыргызстанда  Хоккей жанданып келатканына 20 жылдын жүзү болду. Аны 3 этапка бөлсө болот.

1-этап бул өнүккөн СССР убагында башталган. Бирок ар кандай себептер менен өз жолуна түшпөй калган.

2-этап: Хоккейди жандандыруу.

3-этап: Хоккейди өнүктүрүү.

Хоккей бул биринчиден эр жүрөк адамдын оюну, шамдагайдын, чаалыкпастын оюну юолуп эсептелет. 



деп сөз баштады Манас радиосунун "Жаңы күн" радиоуктуруусуна келген Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов. Программанын алкагында коногубуз угармандарды Кыргыз Хоккей федерациясынын тарыхы менен тааныштырып, учурдагы абалы тууралуу кеп кылып, андан тышкары федерациянын кышкы хоккей оюнунун өнүгүүсү үчүн эмне деген иш аракеттерди кылып жаткандыгы тууралуу айтып берди. 

 

Кызуу маегинин арасында Мурат агай КРнын хоккей боюнча курама командасынын жаңырган 2017-жылдын февраль айында VIII-кышкы Азия оюндарына Япония мамлекетинин Саппоро шаарына таймашка жөнөй тургандыгын да баса белгилеп кетти. 

 

Ал эми аталган оюндун келечектеги өнүгүүсү боюнча төмөнкүлөрдү саймедиреди:

 

" - Азыркы мезгилде Бишкек шаарында 2 чоң Эл аралык стандарттагы муз аянтчасы жана ошондой эле орточо 500 чарчы метрдеги муз аянтчасы иш алып барууда. 

 

Нарын шаарында Ташболот уулу Нурбектин куруп жаткан муз аянтчасын айта кетүү керек. 

 

Ош шаарында да атайы муз аянтча бар жана ал жакта да хоккейди өнүктүрүү үчун кызуу аракеттер жүрүүдө. 

 

Жумгал районунда хоккей борту бар. Ишкерлер тарабынан сунуштар түшүп, жаңы муз аянтчасын кандай шарттарда куруу ыкмалары каралып жаткан учуру. 

 

Нарын облусу хоккейди азыр толугу менен өздөштүрүп калышты.

 

Ысык-Көл облусунда да аракеттер жүрөк кубантаарлык. 

 

Бишкек шаарында болсо хоккейдин өнүгүү этабы баарынан алдыда. 

 

Ал эле эмес ушул тапта Кыргыз Хоккейинин энциклопедиясы жазылууда, аталган эмгекте кыргыз хоккейине кимдепр салып кошкону, кимдер бутуна тургузганы толугу бойдон жазылат.

 

Кыскасын айтканда Хоккей -  бул Кыргызстандын кышкы туризмин өнүктүрө турган, экономикасына зор салым кошо турган чоң кыймыл экенин унутпайлы."

 

Уктуруунун алкагында угармандар тарабынан да келген конокко смс аркылуу кызыктуу суроолор узатылып канаттандыраарлык жооптор алынды.

 

Жылдызбек ТУРСУНБАЕВ 

 

 

КЫРГЫЗ ХОККЕЙ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН БҮГҮНҮ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться