Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси

Түрк дүйнөсүнүн жылдыздары: Алыкул Осмонов



Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси
2016-жылдын 21-декабрында университетте кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси өттү.
Иш-чара Гуманитардык факультети жана Студенттик кеңештин студенттери тарабынан уюштурулуп, ага университет жетекчилери, мугалимдер, студенттер жана акындын чыгармачылыгын сыйлаган адамдар катышты.
Кечеде сөз сүйлөгөн КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы: “Улуу акын Алыкул Осмонов Түрк дүйнөсүнө теңдешсиз чыгармаларын арнаган, бир гана Кыргызстандын сыймыгы болбостон, бүтүндөй түрк элдери үчүн сыймык алып келген инсан. Кечээ улуу ойчул Желаледдин Мевлана Румини эскердик. Бүгүн кыргыздын улуу акыны А.Осмоновду эскерип олтурабыз”, -деп Алыкул бир кылымда жасай турчу ишти 35 жылга сыйдырган кайталангыс шедевр экендигин баса белгилеп, сөзүн акындын “Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт” деген ырын көркөм окуу менен жыйынтыктады.
Андан соң философия бөлүмүнүн башчысы, профессор Ж.Бөкөшөв Алыкулдун поэзиясындагы өлбөстүк темасына көңүл буруп, кайталангыс талант Алыкул Осмоновдун кыргыздын жазма адабиятында өзгөчө орду бар экенин, анын поэзиясынын түбөлүктүүлүгүн, улуулугун белгиледи. Анын чыгармаларын дагы да терең изилдеп, таанып, сабак алышыбыз керек деп, акындын 4 сап ырын окуп берди.
Андан соң студенттер чакан концерт тартуулап, Алыкул Осмоновдун Ата Мекен, эне, сүйүү темасындагы ырларынан кыргыз, түрк, орус, англис жана өзбек тилдеринде көркөм окушту.
Айта кетсек, кыргыз адабиятынын классиги, акын Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта азыркы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында төрөлгөн. Ата-энесинен эрте ажыраган Алыкул Осмонов 5 жашынан Пишпек, андан кийин Токмок балдар үйүндө (1920-1929-жылдары) тарбияланат. Анын "Таңдагы ырлар" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы "Махабат", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Балдар үчүн", "Менин жерим – ырдын жери", "Жаңы ырлар" жана башка ырлар жыйнактары кыргыз поэзиясынын көркөмдүк-эстетикалык деңгээлин жаңы бийиктикке көтөргөн.

Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться