Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү

Мевлана Жалаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү.



2016-жылдын 20-декабрында Камкорчулар кеңешинин катышуусунда Мевлана Жалаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү.

Кечеге  университет жетекчилери, Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү, академиялык жалпы жамаат катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн гимндеринин ойнолушу жана Консерватория жогорку мектебинин окутуучулук-профессордук курамы тарабынан тартууланган мистикалык ырлар менен башталды.

Иш-чаранын ачылышында профессор Мустафа Чакмак «Заманбап дүйнөдө Желаледдин Мевлананы эскерүү» деген темада баяндама жасады. Ал түрк элинин белгилүү ойчулу, акын Мевлана Желаледдин Румини жыл сайын 17-декабрь күнү эскерилип келе жатканын белгилеп: «Ал өзүнүн чыгармалары жана асыл-ойлору менен таанылып, VIII кылым мурун эле заманбаптуулукту, өзгөрүп-өнүгүүнү таалим-тарбиядан баштоо керектигин айтып кеткен. Мевлананын көз караштары мындан 800 жыл мурда кандай актуалдуу болсо, азыр да актуалдуулугун жоготкон жок.», -деп улуу ойчулдун чыгармаларынын таалим-тарбиялык маанисине токтолду.

Андан соң Камкорчулар кеңешинин төрагасы Юсуф Текин Кыргыз-Түрк «Манас» унвиерситетинин өнүгүп жатканына кубанычта экенин билдирди. Манас университети өзүнүн миссиясын аткарып, эки өлкө ортосунда «Алтын көпүрө» болуп, эки мамлекеттин достук, бир туугандык мамилесинин курчушуна зор салым кошуп келе жатканына басым жасады. Ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктап, билим берүү өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деди.

Камкорчулар кеңешинин мүчөсү, профессор Мехмет Шишман да сөзүн Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын куттуктоо менен баштап, Манас университетинин келечеги кең экендигин баса белгиледи. Окуу жайдын өнүгүп жатканына баарыбыз күбө болуудабыз деп, университеттин жамаатынын ишине ийгилик каалады.

Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Аднан Эртүрк: “Кыргызстанга алгач келип жаткандыгым үчүн кубанычтамын. Биздин тамырыбыз бир. Баарыбыз бирдикте иш алып барсак, дагы чоң ийгиликтерге жетишебиз” деген оюн билдирди.

Университеттин биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев университеттин буга чейинки жасалган иштери жана келечектеги пландары тууралуу сөз сүйлөдү. Келечекте бийик максаттарга жетүү үчүн сапаттуу инсан күчүн тарбиялап, сапаттуу адистерди алышыбыз керек деп сапаттуу иш алып баруунун маанисине токтолду. Ошондой эле Камкорчулар кеңешинин жыйыны жемиштүү өткөнүн айтып: «ТРнын ϴкмөтү, ТР Билим берүү министрлигине жана Камкорчулар кеңешине ыраазычылык билдиребиз.  Манас университети «Алтын көпүрө» болуу миссиясын татыктуу аткарып келе жатат жана ал биздин жамааттан башталат. Себеби бизде ар улуттун өкүлдөрү билим алат. Кыргызстандын эң мыкты жогорку окуу жайы деген наамга ээ болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуган, иштегендер билими жана ар тараптуулугу менен үлгү болуулары керек.”, -деп академиялык жамаатты сунуш-пикирлер болсо ачык айтууга чакырды.

Ал эми ректор Себахаттин Балжы 2016-жылдан баштап университеттин жаңы имиджин жаратууга багытталган программалар жана 2016–2020-жылдар үчүн университеттин стратегиялык планын даярдоонун үстүндө иштеп жатабыз. Университеттин жаңы имиджин жаратууда талыкпастан, сапатты жакшыртуу боюнча өнүгүүнүн жаңы концепциясын түзүүнүн үстүндө иш алып баратабыз. Орто Азиянын борборунда жайгашкан окуу жайыбыз билим берүүдө эл аралык маркага айланган университет болуу менен коомго кызмат кылуу аркылуу Түрк дүйнөсүндө жана дүйнөдөгү таанымал, алдыңкы жана абройлуу университет болуу максатын көздөп келе жатат. Окуу жай 21 жылдан бери бир топ эл аралык долбоорлорду ишке ашырып, зор ийгиликтерди багынтып, билим берүүдө жана илим тармагында өз ордун тапты. Биздин биринчи максатыбыз сапатты көтөрүү, профессионалдуулукка өзгөчө басым жасоо болуп эсептелет. Муну менен катар Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуудабыз. Быйылкы академиялык жыйыны Желаледдин Мевлана Румини  эскерүү күнүнө туш келип олтурат. Ал эми билим берүүдө жана академиялык иштерде билим берүү жана илимий изилдөө иштерин өнүктүрүп, катарыбызды мыкты окумуштуу, мыкты мугалимдер менен толукташыбыз зарыл. Андыктан, андай мыкты деңгээлдеги жаштардын өсүп чыгышына өбөлгө түзүп, профессионалдуулукка көңүл бурушубуз керек. Себеби, жакшы адистер даярдалбаса, билим берүүнүн сапаты көтөрүлбөйт. - деп, университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы 2015–2016-окуу жылынын күзгү семестри боюнча отчеттору, ошондой эле 2016–2020-жылдар үчүн университеттин стратегиялык планына ылайык иш-чаралары жана сапатты жакшыртуу боюнча пландары менен бөлүштү.


Загрузка плеера...


Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү Мевлана Желаледдин Румини эскерүү кечеси жана жалпы профессордук-окутуучулук жамаатынын жыйыны болуп өттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться