Улуттук банк маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук банк маалымдайт

Улуттук банк жаңы коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарды 



Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2016-жылдын 20 декабрынан тартып «Кыргыз каганатынын доору» сериясындагы «Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери» коллекциялык күмүш жана жез-никел монетасын жана «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясындагы «Эдуард чаар гүлү (Айгүл гүлү)» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.  

«Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери» коллекциялык монетасы – Улуу Кыргыз каганатынын түптөлүшүнүн 1170-жылдыгына арналган «Кыргыз каганатынын доору» сериясында чыгарылган төртүнчү монета. Монета – басып өткөн тарыхый жолго татыктуу баа берүү үчүн жүргүзүлүп жаткан изилдөөишине жана кыргыз элинин рухий жана маданий баалуулуктарын кеңири жайылтууга кошкон олуттуу салым болуп саналат. 

Келбети келишкен кыргыз жоокерлердин таасирдүү элеси алкагында өзгөчө технологияны колдонуу менен түшүрүлгөн жаачы жоокердин келбети монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетаны тегерете «Легковооруженный воин Кыргызского каганата/ Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери» жазуусу түшүрүлгөн. Төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы (10 сом) чагылдырылган. 

Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жана жаачы жоокерлер элеси түшүрүлгөн. Монетанын сол жактагы бөлүгүндө металл пробасы (Ag 925°), оң бөлүгүндө – монетанын салмагы (28,28 г.) көрсөтүлгөн. Монетанын үстүнкү бөлүгүндө «Улуу Кыргыз каганаты» жазуусу, ал эми төмөн жагында монетанын чыгарылган жылы (2016) берилген.  

«Эдуард чаар гүлү (Айгүл гүлү)» монетасы. Улуттук банкы тарабынан Кыргызстандын Кызыл китебине кирген, өсүмдүк дүйнөсүндө сейрек кездешүүчү, табият сулуулугунун кайталангыс түрүн сактап калуу жана кеңири жайылтуу максатында чыгарууда. 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети Баткен обласынын Айгүл -Таш тоосунун түндүк беттеринде кездешкен керемет Айгүл гүлдүн сүрөттөлүшү түзөт. Ушул кооз кереметинин башкарлардан айрымалаган өзгөчөлүгү, ачык кызгылт-сары түстө түйүлгөн гүлүнүн саны менен гүлдүн жашын аныктоого болот. Асман тиреген тоолордун күн тийбеген тескей тарабын мекендеп өсүшү ага мүнөздүү дагы бир өзгөчөлүк, ошондуктан, Айгүл гүлү орусча «Лунный цветок» деп которууга ээ. Кырка тоолордун кучагында гүлдүн сүрөттөлүшү тампондук ыкмада түшүрүлгөн. Монетанын үстүнкү бөлүгүндө кыргыз тилинде «Айгүл гүлү» жана латын тилинде «Fritillaria eduardii Regel» жазуусу, төмөн жагында анын номиналы (10 сом) чагылдырылган. Монетанын сол бөлүгүндө металл пробасы (Ag 925°), оң бөлүгүндө –монетанын салмагы (28,28g) көрсөтүлгөн.  

Монетанын арткы бетинде оюу-чийме алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын үстүнкү бөлүгүндө «Кыргызстандын Кызыл китеби» жазуусу, ал эми төмөн жагында – монетанын чыгарылган жылы (2016) берилген.  

Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться