Негизги балаты бүгүн жандырылат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Негизги балаты бүгүн жандырылат

Жаңы күн программасынын 19.12.2016 күнү конокто, Бишкек шаар Мэриясынын басма сөз кызматынын жетектөөчү адиси Калперизат Айдарбекова болду.



Мейманыбыз, шаардык муниципалитет келе жаткан жаңы жылга карата шаарды жасалгалоо иштерин өткөрүлүп  жана өлкөнүн башкы балатысын орноттулгандыгы тууралуу маалымат берди.

Өлкөнүн башкы балатысы борбордук «Ала-Тоо» аянтына орнотулду. Балатынын узундугу 25 метр, диаметри 12,5 метрди түзөт. Кооздоо иштерин «Тазалык» жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканаларынын 40 кызматкери жүргүзүүдө. Алар жаңы жылдык балатынын жаңы жылдык оюнчуктар жана грилияндалар менен кооздошууда. Учурда балатыга 1200 оюнчук жана улуттук стилдеги 77 жасалгалоо, жылдызча түрүндөгү 60 светодиоддук жасалгалоо жана 50 светодиоддук карлар илинди. Ошондой эле балатыга узундугу 2 км 600 метр 260 грилянда илинет. Балатынын салтанаттуу жандыруу аземи 19-декабрда саат 19:00до өткөрүлөт.

Ошондой эле «Ала-Тоо» аянтынын түштүк бөлүгүнө «Аяз ата жана бугулары менен жомоктогудай чана» жаңы жылдык композициясы (6 бугу), жылдыздары менен стелла жана чоң кар киши орнотулду. «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан оргумаларга диаметри 2 метрден 12 түстүү шар орнотулду. Ошондой эле бул сыяктуу шарлардын 30 даанасы Жаштар аллеясына орнотулат. Эркиндик бульварынын Чүй проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин светодиоддук иллюминация орнотулат. Шаардык кызматтардын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдындагы оргуманы жаңы жылдык жасалгалоо иштерин баштады жана Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына 15 метрлик балаты орнотту.

Калаанын Жаңы 2017-жылга жасалгалоо иштери улантылып жатат.

Белгилей кеүүчү нерсе, 2016-жылдын 10-декабрынан баштап «Ала-Тоо» аянтында калаанын башкы балатысын орнотуу иштери башталган. Балаты 2016-жылдын 19-декабрында жандырылат. 25 метрлик жасалма балатыны «Бишкексвет» жана «Тазалык» муниципалдык ишканалары кооздоо жана орнотуу иштерин жүргүздү.

«Жашылдандыруу курулуш» МИ Кароосуз калган балдардын реаблитациялык борборуна, Балдарды социалдык адапташтыруу борборунун, «Айданек» балдарды реаблитациялоо борборуна жана Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин реаблитациялык борборунун алдына 4 метрлик балаты орнотууну пландалган.

Эң мыкты жасалга конкурсунун алкагында райондук администрациялардын, маданий-коомдук жайларда, ЖОЖдордун жана МАБдардын имараттарынын алдына балатылар орнотулуп, жаңы жылдык жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.(Ш.Б)

 

Негизги балаты бүгүн жандырылат Негизги балаты бүгүн жандырылат Негизги балаты бүгүн жандырылат Негизги балаты бүгүн жандырылат

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться