Режиссёр айымдардын алгачкы кино-форуму » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Режиссёр айымдардын алгачкы кино-форуму

17-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Кыргызстандагы режиссёр айымдардын алгачкы кино-форуму болуп өттү.



Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Тарых жана маданият жылына, ошондой эле Кыргыз киносунун 75 жылдыгына карата өткөрүлүп, ага режиссёлор, кино таанычулар, кино сынчылар жана жалпы кино сүйүүчүлөр катышты.

Форумдун уюштуруучу, “Азия чыгармачыл айымдары” фондунун жетекчиси, режиссёр Асель Жураеванын айтымында, айымдардын кино-форуму Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүндөалгачкы ирээт өткөрүлүп жатат:

Форумдун максаты, биринчиден Кыргызстандагы  режиссёр айымдарга колдоо көрсөтүү, экинчиден,алардын жаратып жаткан тасмаларын элге жеткирүү. Биздин режиссёр айымдар тарткан, чет жактагы фестивалдарда өтө бааланган тасмалар тууралуу кыргыз элинин кабары жок, андыктан бул көрүнүштү жоюу максатында ушул форум өтүп жатат. Мындай форум Кыргызстанда, дени эле КМШ өлкөлөрүндө 1-ирээт өтүп жатат.

Аталган форумда жалпысынан 15 тасма көрсөтүлдү. Алардан Лиля Турусбекованын “Тагдыр” тасмасы, Асель Жураеванын “Өмүр бешиги” жана “Мэккеге карай жол” аттуу даректүү тасмалары үчун атайын көрсөтүү болду. Катышуучулардын тасмалары көрсөтүлгөндөн соң ар бир кино талкууга алынды.

 

Жазган: Кенешова Гулзира

 

Режиссёр айымдардын алгачкы кино-форуму Режиссёр айымдардын алгачкы кино-форуму Режиссёр айымдардын алгачкы кино-форуму

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться