Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Бүгүнкү программада “Махабат дастаны” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.



Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Бүгүнкү программада “Махабат дастаны” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.

 

Каректен нуруң төгүлүп,

Кат-каттап санаам бөлүнүп...

бул ыр саптарын уккулуктуу обону менен жок дегенде бир жолу кулагы чалбаган кыргыз болбосо керек. Ооба, бул улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" романындагы Раймаалы акындын казак кызы Бегимайга арнаган ыры. Ч.Айтматовдун 1980-жылы жазылган бул ири чыгармасын окуп, таасирленген ар бир окурмандын карегинде калкыган андагы арзышкандардын образын таланттуу режиссер Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" тасмасы ачып берген.

 

Тартуучу топ:

Режиссёру – Дооронбек Садырбаев

Сценарийин жазган – Дооронбек Садырбаев

Башкы оператору – Ү.Жээнтаев

Композитору – Т.Казаков

Үн оператору – А.Ахмадеев

 

Тартылган актерлор:

Раймаалы-Тууганбай Абдиев

Бегимай-Асел Эшимбекова

Абдилхан-Советбек Жумадылов

Жалман кары-Болот Бейшеналиев; небереси Мурат-Мурат Казаков

 

Тасманын дареги:

Белгилүү «Махабат дастаны» фильминин башкы идеясы Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» романындагы Раймаалы ага менен Бегимай жөнүндөгү уламыштын негизинде жаралган. Тасма 1983-жылдын жай айларында тартылган.

Тартыла турган жерлер мурда эле белгиленгендиктен актерлор аныкталгандан соң тартуучу топ дароо Арсланбапка аттанган. Ал жерге боз үйлөрдү тигип жашашкан жана жергиликтүү эл да өз жардамын аяган эмес.

 

Чоң экран:

Кыргыз кино маданиятына чоң жаңылык алып келген бул кинону тартууга жалпысынан 310 миң рубль жумшалган. Ал эми киреше катары прокаттан эле 42 миллион рубль түшкөн. Бирок, тасма тартылгандан кийин чоң экранга эки жыл чыккан эмес. Кинокритиктердин айтымында, кыргыз элинин өткөн турмушун чагылдырган тасма эч кимге кызык болбойт. Деген менен тасма 1985-жылы экранга чыккандан соң дароо популярдуулукка ээ болгон.

 

Сюжетин эске салалы:

Бул фильмдин өзөгүн жашы 60ка жакындап калган Раймаалы ага менен 19 жаштагы Бегимайдын махабаты түзөт. Баш каарман Раймаалы эл оозуна алынып, ырчылык өнөрдү аркалаган ак таңдай акын болот. Бүт өмү¬рүн жалаң ырга арнаган Раймаалы ага жеке турмушун ойлобой жүрүп, жашы кантип 60ка чукулдап калганын да сезбей калат. Карыганда үйдөн же үйбүлөдөн жок Раймаалы аганы Баракбай тукумуна хан көтөрүлгөнү жаткан бир тууган иниси Абдилхан өз колуна алат. Раймаалы ага үйдө камалып отура албай, адатынча Сарала атын минип алып, аш-тойлорду дагы эле калтырбайт. Ошондой тойлордун биринде акындын талантына таазим кылып, беттешүүнү күтүп келген казак кызы Бегимай экөөнүн ортосунда ашыктык оту жанып,экөө өнөр сынаша, махабат айтышын ырдашат. Андан соң кийинки жарманкеде беттешмей болушат. Курчап турган элдин кээси суктанып көзүнө жаш алышса, кээси «алжыган чал карыганда калжаңдап...» дешип жаман көрүшөт. Баракбайдын бүтүндөй тукуму намыстанышып, Абдилхан башында турган жакын туугандары Раймаалынын жарманкеде Бегимай менен айтышуусуна каршы чыгышат. Раймаалынын көзүнчө домбрасын ташка чаап, атын мууздап, ал эми өзүн бакка аса байлап салышат. Акырында байланган бакка от коюлуп, Раймаалы менен бирге махабаттын кулу болгон жаш сулуу Бегимай да өз каалоосу менен күлгө айланат.

 

Сиз көрбөгөн кадрлар:

Алгач сценарий боюнча сүйүшкөндөр комуз менен айтышышмак. Бирок, «баштан-аяк эки комуз таңшый берсе, европалыктар түшүнбөй калат» деп бирин кыргыз, бирин казак кылышып, домбра менен ырдатууну чечишет.

Режиссёр үчүн Раймаалы менен Бегимайды табыш өтө кыйынга турган. Дооронбек Садырбаев менен Түгөлбай Казаков колуна домбрасы жарашкан казактын кызын издеп, казак элине жөнөшөт. Далайын сындан өткөрүп жатышып, акыры издегендерин табышат. Өңү серт, узун моюн бир келинге кезек жетип, домбра менен созолонто ырдап кирет. Бул 28 жаштагы Калемкас Орошова аттуу казак кызы дароо эле Дооронбек Садырбаевдин купулуна толот. Ошол күнү эле Калемкаска «киного сизди тартпайбыз, үнүңүздү эле алабыз, ырдап бериңиз» деп суранышып, макулдугун алышат. Ошентип, Бегимайдын ырларын казакчага которушуп, Калемкаска беришет. Ал эми Раймаалынын үнүн табыш да оңойго турган жок. Режиссёр Раймаалынын жашына төп келген ырчыны издеп таппай, акыры Эстебес Турсуналиевге келип токтойт. Ошентип, «Махабат дастанында» Бегимай – Калемкас Орошованын үнү менен ырдаса, Раймалы – Эстебес Турсуналиевдин үнү менен ырдалат.

 

Сыйлыктар:

Минскиде өткөн кинофестивалда эң мыкты режиссура деп табылган.

 Бегимайдын ролун ойногон Асел аялдардын образын эң мыкты аткарганы үчүн 500 рубль өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланган.

 

Кошумча маалымат:

Фильм чыккандан кийин Дооронбек Садырбаевдин калемине таандык «Кайгырттың мени эркетай, картайган кезде көрүнүп» деген ырына 36 обончу 70ке жакын обон чыгарышып, алардын айрымдары азыркы күнгө чейин ырдалып келет.

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться