Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Ч.Айтматовду эскерүү кечеси өттү



Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Ч.Айтматовду эскерүү кечеси өттү
12-декабрда Манас университетинин Студенттик кеңеши жана Бишкектеги ЖОЖдун студенттери биргеликте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чара залкар жазуучу Ч.Айтматовдун интервьюларынан турган “Насыйкат” аттуу кыска тасманын көрсөтүлүшү менен башталды. Андан соң Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин студенттери жазуучунун чыгармалары боюнча даярдаган театрлаштырылган көрсөтүү тартуулашты.
Кечеге университет жетекчилери, кеченин уюштуруучулары: Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргызстан Эл аралык университети, Кыргызстан Ислам университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин жана“Лидер Жаштар”клубунун студенттери катышты.
Иш-чаранын ачылыш сөзүндө университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы: “Биз бүгүн жалпы Түрк дүйнөсүнүн атасы болгон инсанды эскерип олтурабыз. Чыңгыз Айтматов эң сонун чыгармалары аркылуу кыргызды бир эле Түркия өлкөсүнө эмес бүткүл жер жүзүнө тааныштыра алды. Түрк эли улуу инсаныбыздын бүт чыгармаларын сүйүп окушат. Келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон Чыңгыз Айтматовдой терең ой жүгүрткөн инсандар чыгаарына ишенем.»-, деп эскерди.
Ал эми биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жаштарга улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 88 жылдык мааракесине арнап, эскерүү кечесин уюштургандары үчүн ыраазычылык билдирип: “Албетте, адам бир күнү бул жашоодон өтөт. Ошондо ар бир адам артка кылчайып баскан изине бир үңүлүп карайт эмеспи. Андыктан баскан өмүрү менен келечекке өрнөк боло тургандай болууга аракет кылуубуз керек. Бирок баарынан эң кыйыны улуу ойчул Чыңгыз Айтматов айткандай “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу”, - деп Айтматовдун Түрк дүйнөсүндөгү ордуна токтолду.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын атынан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу Акбар Сүйүнбаев 8 ЖОЖдун студенттери мындай иш-чараны уюштуруп жатканы кубантарлык иш экенин белгилеп: “Чыңгыз Айтматов кыргыз элин, маданиятын дүйнө жүзүнө тааныткан улуу адам жана кыргыз эли ушундай улуу жазуучу менен ар дайым сыймыктанат”,-деп, жазуучунун коомдук ишмердүүлүгү жана дипломатиялык мамилелердеги орду тууралуу да бир-эки сөз сүйлөдү.
Иш-чара уюштуруучулар тарабынан даярдалган чакан концерт менен коштолуп, соңунда университеттер арасындагы Студенттик кеңешинин төрагаларына ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

 


Загрузка плеера...


Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти Жаштар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться