Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу

Кыргыз-Турк Манас университетинин Батыш тилдер бөлүмүндө Шекспирдин 500 жылдыгына арналган кече өткөрүлдү.



2016-жылдын 7-декабрда Кыргыз-Турк Манас университетинин Батыш тилдер (Англис тили жана адабияты программасы) бөлүмүндө проф. Чарльз Карлсондун жетекчилиги менен 3-4-курсунун студенттери тарабынан даярдалган улуу акын, драматург жана актер Уильям Шекспирдин 500 жылдыгына арналган кече өткөрүлдү. Кеченин программасында Шекпирдин тандалган чыгармаларын сахналаштыруу, сонеттерин көркөм окуу менен бирге анын белгилүү трагедиялары: Гамлет, Юлий Цезар жана Ромео жана Джульетта сахнада коюлду. Алып баруучулар баса белгилегендей кандай гана кырдаал же маданий өзгөчөлүк болбосун Шекпирдин чыгармалары мындай учурларга дал келет. Ошондуктан, студенттер Шекспирдин сонеттеринин түркчө, кыргызча, орусча котормолорунан көркөм окушуп, анын пъесаларын жаңы заманбап ыкка дал келтиришкен. Ал эми Ромео жана Джульеттаны болсо студенттердин кыргыз маданияты аркылуу көрсөтүүсү көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү. Жалпысынан, кече өтө жогорку деңгээлде өтүп, ар бир көрүүчүнүн купулуна толду.

Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу Англис тилин үйрөтүү контекстинде Шекспирди таануу

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться