Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту

Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУинин ректору проф. доктор Себахаттин Балжы, окуу жайыбыздын 1-проректору Асылбек Кулмырзаев  университеттин окутуучу профессордук курамы менен жолугушуп баарлашты.



Бүгүн 2016-жылдын 10-декабрь күнү, Кыргызстанда 11-декабрда  өтүүчү КР Конститутциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча элдик Референдумга байкоочу катары келишкен Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү  КТМУинин ректору проф. доктор Себахаттин Балжы, окуу жайыбыздын 1-проректору Асылбек Кулмырзаев  университеттин окутуучу профессордук курамы менен жолугушуп баарлашты. Келген конокторго КТМУи тууралуу таанытым фильми көрсөтүлдү. Андан соң,Референдумга байкоочу катары келишкен Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү “ Манас” университетинде  окуган Түрк мамлекеттеринин студенттери менен да  жолугушту.

10-декабрь күнү болгон Референдумга байкоочу катары келишкен Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү менен жолугушууда,  КТМУинин ректору профф. Доктор Себахаттин Балжы университетибизде түрк мамлекеттеринен келген студенттер менен жолугушуу маанилүү экенин белгилеп, “Манас” университети тууралуу окуу жайдын таанытым фильмин  конокторго көрсөттү.

Окуу жайыбыздын 1-проректору проф. доктор  Асылбек Кулмырзаев  жолугушууда КТМУти түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсүнө айлангандыгын айтып, учурда 6 мамлекеттен келген  адистешкен окутуучу-профессордук курам студенттерге татыктуу билим берип жаткандыгын жана келечек жаштарыбыздын колунда экенин айтты.

КТМУнун студенттери менен жолугушууда Түркиянын  Стамбул жергиликтүү бийлигинин эл өкүлү Экрем Эрден сөз сүйлөп, Кыргызстанда 11-декабрда  өтүүчү КР Конститутциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча элдик Референдумга байкоочу катары келгенин алгач айтты. Экрем Эрден “Манас” университетинин жаштары эң кеминде 4тилде эркин сүйлөп, азыркы алып жаткан билими менен келечекте түрк дүйнөсүнүн кулачын кеңейтээрине ишенимин билдирди.

Ал эми Казакстандын эл өкүлү Нурлан Дулатбеков Кыргызстанда 11-декабрда өтүүчү Референдумга байкоо салганы келип КТМУнун  жетекчилиги уюштурган студенттер менен болгон  бүгүнкү жолугушууга абдан ыраазы экенин жашырган жок. Нурлан Дулатбековдун айтымында, өз кезинде Казакстан эгемендүүлүк алган мындан 25жыл мурун 16-декабрдагы кубанычтуу кабарды алгачкылардан куттуктаган жана тааныган дал Түркия мамлекети болгон.

Ушул эле КТМУнин студенттери менен болгон жолугушуу түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеп, Кыргызстанга экинчи ирээт келген Түркиянын Бурса эл өкүлү Эркан Айдын окуу жайдын жетекчилигине буга окшогон жолугушууларды жана билим берүүдө Казакстан, Кыргызстан өндүү Орто Азия өлкөлөрүнүн билим берүү жаатындагы терең кызматташтыгы абдан маанилүү экенин айтты.

Келген конокторго КТМУнин студенттер кеңешинин жетекчилери да жалпы студенттердин атынан ыраазычылык билдиришти.

Жолугушуу Кыргызстанда 11-декабрда  өтүүчү КР Конститутциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча элдик Референдумга байкоочу катары келишкен Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү урматтуу коноктор: Экрем Эрденге, нурлан Дулатбековго жана Эркан Айдынга  КТМУнин эстелик белектери тапшырылып, ак калпак кийгизилип андан соң студенттер менен биргеликте эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

 


Загрузка плеера...


Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту Түркиянын жана Казакстандын эл өкүлдөрү КТМУда конок болошту

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться