Студенттердин “Базар жок”командасы Тилмечтер таймашын жеңди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Студенттердин “Базар жок”командасы Тилмечтер таймашын жеңди

2016-жылдын 29-ноябрь күнү “Манас”университетибиздин Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери үчүн уюштурулган “Тилмечтер таймашы” интеллектуалдык оюну болуп өттү.



Бул таймаш КТМУнун Синхрондук котормо бөлүмүндө окуган студенттер арасында достукту чыңдоо жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулуп, командалардын курамындагы студенттер бөлүмдүн ар бир программасынан (кырг-түрк, кырг-англ, орус-түрк) түзүлдү. Жалпы 12 команданын катышуусунда болуп өткөн таймашта 15 суроо берилип, бир саатка созулду. Жыйынтыгында командалардын ичинен алдыга озуп чыгып, 3-орунду “Tilmech team” командасы, 2-орунду “Трилингв” командасы, 1-орунду өзгөчө аты менен “Bazar жок” командасы алды. Ал эми оюндун шарты менен “Брейн-ринг” жана “В2В” командалары таймаштан четтетилди. Жеңүүчүлөр ардак грамоталар менен сыйланып, Синхрондук котормо бөлүмүнүн ардактуу окутуучулары Гульнура Жумалиева, Жейхун Ведат Уйгур, Дөөлөтбек Эшкеновдор тарабынан тапшырылды. Четтелген командаларга бөлүмдүн окутуучулары тарабынан сыйлуу белектер берилди. Оюндун уюштуруу тобунун башчысы, дал ушул бөлүмдүн 3-курсунун студенти Айчүрөк Нурлан кызынын айтымында “Тилмечтер таймашы” интеллектуалдык клубу 2015-жылдын декабрь айында түзүлүп, былтыркы жылы “Котормо жана котормонун тарыхы, котормочулук кесиби”, “Манас эпосу жана котормо”, “География”, “Экономика жана саясат” жана “Кино исскуствосу” деген чоң темаларда өткөрүлгөн. Мыкты оюн, кызыктуу көз ирмемдер, түрдүү суроолор, ар түркүн кызыктарды камтыган таймаш көпчүлүктүн купулуна толуп 2016-2017 окуу жылында дагы да мыкты оюндарды өткөрүү пландалууда. Эскерте кетсек, оюн ай сайын бир ирет өткөрүлөт.

Студенттердин “Базар жок”командасы Тилмечтер таймашын жеңди Студенттердин “Базар жок”командасы Тилмечтер таймашын жеңди Студенттердин “Базар жок”командасы Тилмечтер таймашын жеңди Студенттердин “Базар жок”командасы Тилмечтер таймашын жеңди

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться