Улуттук банк маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук банк маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2016-жылы чыгарылган өркүндөтүлгөн IV сериядагы  200 сом номиналынын тегерегиндеги суроолорго карата төмөнкүлөрдү билдирет.



2016-жылы чыгарылган өркүндөтүлгөн 200 сом номиналындагы Алыкул Осмоновдун портретинде 2010-жылы чыгарылган IV сериядагы  200 сомдук банкноттогу элеси эле чагылдырылган.

            Өркүндөтүлгөн 2016-жылкы банкнотто бир гана бул портретти аткаруунун техникалык ыкмасы өзгөртүлгөн. Башкача айтканда, банкнотко түшүрүүнүн классикалык ыкмасы – техникалык колго жасоо гравировкасы колдонулган. Ошого жараша фото портретте чегип жаратуу түзүлдү. Бул технологияны колдонуу ыкмасынын натыйжасында 2016-жылы чыгарылган IV сериядагы  өркүндөтүлгөн банкноттор даана көрүнүп, бир кыйла көркөмдөлдү. Белгилей кетсек, улуттук валютадагы бардык банкноттордун портреттери эч кандай өзгөртүүгө дуушар болгон жок.

Дизайн, анын ичинде Кыргызстандын тарыхый инсандарынын портреттери, 2010 жылы чыгарылган IV сериядагы  банкноттор Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы улуттук валютанын эскизин тандоо боюнча Комиссиянын чечиминин негизинде, 2008-жылы 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008 жылдын 07 августунда № 280 буйругу менен кабыл алынган.

2010-жылы чыгарылган IV сериядагы  банкноттордогу портреттер микрошрифт түрүндө персонанын аты жана фамилиясы менен даярдалган. Бул серия чыгарылып жаткан учурда, басылманын корголушу боюнча заманбап болуп эсептелген. Бул серияны жүгүртүү процессинин негизинде, Улуттук банк калктын суроо-талаптарына жараша, портреттер даана эмес жана “бүдөмүк” калыпта көрүнүп жаткандыгын эске алган. Ушуга байланыштуу Улуттук банк тарабынан банкноттордун техникалык мүнөздөмөсүнө бир аз өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынган. Анын негизинде эл көнүп калган банкноттун жалпы көрүнүшү сакталып, «Mask TM» жаңы элементин колдонуу аркылуу банкноттун коргоо комплексин бекемдөө каралган.

 

Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться