Жумушсуздук, экономикалык кыйынчылык, ички миграциянын жайылышы менен өлкөбүздө уурулук, анын ичинде чөнтөк телефон уурдагандар көбөйүүдө.
Базарлардан, тыгын болгон маршруттук таксилерден, эл көп учураган жерлерден чөнтөк телефонун уурдатып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандар байма-бай кездешүүдө. Коомдогу жагымсыз илдетттин-чөнтөк телефон уурдагандардын көбөйүшүнө эмне себеп болууда? Өзүнө сак болбогон жарандарбы, жазадан коркпогон ууруларбы же коомдун кайдыгерлигиби?
Чөнтөк телефон уурдаткан жарандарыбыздын көпчүлүгү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышпайт. Алардын айтымында, кайрылган күндө да майнап чыкпайт. Мындай пикирдин орун алышына жарандарыбыздын өз укуктарын, мыйзам беренелерин билбегендиги жана кайдыгер мамилеси себепкер.Чөнтөк телефон уурдатуу кылмышы мыйзам боюнча кылмыштын кайсы түрүнө кирет? Уурдаган адамга кандай жазалар колдонулат? Юрист, көз карандысыз жактоочу Урмат Жапаровдун айтымында, чөнтөк телефон уурдоо кылмышы үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
- Азыркы учурда мезгилге байланыштуу, айрыкча маршруттук тыгындардан пайдаланып чөнтөк телефон уурдагандар көбөйүүдө. Жарандар көпчүлүк учурда өз укуктарын билбегендиктен укук коргоо органдарына кайрылып, арыз жазышпайт же жазганы менен тергөө иштеринин кандай жүрүп жаткандыгынан кабардар болбой кайдыгер мамиле кылышат.Чөнтөк телефон уурулугу кылмыштын өтө оор эмес түрүнө, тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 164-беренеси “кимдир бирөөнүн өздүк буюмун уурдоо” кылмышына кирет. Аталган кылмыш иши боюнча жаза ушул эле кодекстин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн чөнтөк уурулугу боюнча кылмышкер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.Көпчүлүк жарандар укук коргоо органдарына арыз жазып коюп 2-3 айлап тергөөнүн жүрүшүнө кызыкпай жүрө беришет. Бул туура эмес. Жабырлануучу укук коргоо органдарына жардам берип, тергөөгө белгилүү деңгээлде салымын кошсо жыйынтык болот.Эгерде укук коргоо органдары жарандын арызын карабай, кайдыгер мамиле кылышса жаран укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн орган,тагыраагы прокуратурага арыз менен кайрылса болот.
Чөнтөк телефон уурдаткан учурда сиз кайсы ички иштер башкармалыгынын аймагына жакын болсоңуз дароо ошол башкармалыкка арыз менен кайрылышыңыз керек.
Эгерде сиздин укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, анда жакынкы аймактык тескөөчүгө чалып окуяны билдирүүгө укуктуусуз. Аймактык тескөөчү келип, сиздин арызыңызды алып кетүүгө милдеттүү.
Эгерде сиз уурдалган чөнтөк телефонун билбей сатып алган болсоңуз укук коргоо органдарына саткан адамдын үстүнөн арыз жаза аласыз. Бул учурда сиз жабырлануучу, ал эми чөнтөк телефон далил буюм катары тергөө ишине тиркелет.
Даярдагандар: Айдана Төлөнова
Кымбат Атыбекова