Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди

Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊешинин төрагасы жана Камкорчулар кеӊешинин мүчөсү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 5-6-декабрь күндөрү иш сапары келип кетишти.



Казакстандын Түркстан шаарында жайгашкан, Түркия Республикасы менен Казакстан Республикасынын билим берүү системасындагы орток долбоору болгон Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊешинин төрагасы, проф.док. Муса Йылдыз жана Камкорчулар кеӊешинин мүчөсү Мухиттин Шимшек Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 5-6-декабрь күндөрү иш сапары келип кетишти.

Камкорчулар кеӊешинин төрагасы жана мүчөсү 2016-жылдын 5-декабрь күнү КТМУнун ректору, проф.док. Себахаттин Балжы менен жолугуп, университет тууралуу кенен маалымат алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайыбызды тааныткан видеоролик жана 1-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тартылып алынган «Көчмөндөр» тасмасы көрсөтүлдү.

Келген коноктор КТМУнун учурдагы абалы алардын күткөнүнөн кыйла жогору экендигин жана ошондой эле жалгыз гана эки өлкөнүн эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө дагы жарык чача турган деӊгээлге чыккандыгын баса белгилешти. Проф.док. М. Йылдыз жана проф.док. М. Шимшек окуу жайыбыз жакын арада дүйнөлүк маркага айланаары шексиз экендигин айтып өтүштү.

Эки тарап, университеттер арасындагы кызматташтыкты өркүндөтүү керектигин билдиришип, 2016-2017-окуу жылынан тартып студент жана окутуучу алмашуу программасын ачууну чечишти.

Мындан сырткары, келген конокторубуз 2017-жылдын апрель айында Ахмет Ясави университетинде өткөрүлө турган Коомдук илимдер конгрессине катышып кетүүгө чакырышты.

Иш сапарынын жүрүшүндө коноктор 5-декабрь күнү Ч. Айтматов атындагы КТМУ Кампусун кыдырышып, профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер менен баарлашышты, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч менен жолугушуп, Бишкек шаары менен таанышышты.

6-декабрь күнү Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊешинин төрагасы менен мүчөсү окуу жайыбыздын Окумуштуулар кеӊешинин жыйынына катышып, ой пикир алмашып, ар кыл долбоорлор тууралуу пикир алмашышты.

Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди Эл аралык Казак-Түрк Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊеши университетибизге иш сапары менен келди

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться