Ахмет Ясавини түшүнүп билүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ахмет Ясавини түшүнүп билүү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) семинар өткөрүлдү.



Түркия Республикасы менен Казакстан Республикасынын орток долбоору катары түзүлгөн Казакстандын Түркстан шаарындагы Ахмет Ясави университетинин Камкорчулар кеӊешинин төрагасы, проф.док. Муса Йылдыз жана Камкорчулар кеӊешинин мүчөсү, проф.док. Мухиттин Шимшек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетине таанышуу жана окуу жайыбызда уюштурулган «Ахмет Ясавини түшүнүп билүү» аттуу семинарга катышуу үчүн келишти.

Маалым болгондой эле, 2016-жыл ЮНЕСКО тарабынан Ахмет Ясави жылы катары жарыяланган эле. КТМУнун Теология факультети тарабынан «Ахмет Ясавини түшүнүп билүү» аттуу семинар КТМУнун Ч. Айтматов студенттик шаарчасындагы ректорлуктун жыйындар залында 2016-жылдын 6-декабрь күнү өткөрүлдү.

Эки өлкөнүн улуттук гимндеринин ойнотулушу менен башталган бул иш-чара, окуу жайыбыздын Көркөм өнөр факультетинин окутуучуларынын аткаруусундагы диний чыгармалар менен коштолуп, «Ахмет Ясавини түшүнүп билүү» семинары менен улантылды.

Семинарды ачып жатып, КТМУнун ректору, проф.док. Себахаттин Балжы КТМУ менен Ахмет Ясави атындагы университет тарабынан уюштурулган иш-чаранын максаты – чыгаан ойчул Кожо Ахмет Ясавини жөн гана эскерүү эмес, анын эмгектерин түшүнүп билүү экендигин баса белгилеп өттү. Эскерүү – кыска убакыт ичиндеги бир иш болуп саналса, ал эми түшүнүп билүү – өмүр бою ишке ашырыла турган нерсе экендигин айтты. Ректор, проф.док. Себахаттин Балжы: «1166-жылы көз жумса дагы, бирок рухий дөөлөттөрү, бизге калтырган насааттары, ойлору менен тарыхта из калтырган Ахмет Ясави бабабыздын ыйманы саламат болсун, бизге жана бизден кийинки муундарга буюрсун»- деди. Ректор Себахаттин Балжы, Ахмет Ясавинин түпкү теги азрети Али болгондугун, 5 жашында атасынан айрылып, жетим калгандыгын, Түркстан аймагы үчүн көп жакшы иштерди аткарып,  дервиштердин руханий атасы катары, мал-мүлккө кызыкпастан, элдерди ар дайым биримдик жана ынтымакка үндөп келгенин айтып өттү. Ректор, Ахмет Ясавинин идеялары ошол доордун туруксуз саясий абалы, коомдук байланыштардын чачырап, адилеттүүлүк таптакыр жоголуп, жакырчылык артып бараткан баш-аламандыктын ичинде, кишилерге жөлөк-таяк болгонун баса белгиледи. Караханиддер мамлекеттинин башчысы Абдулкерим Сатук Бугра хан 1000 жыл мурун ислам динин бул аймакка кеӊири жайылтканын, ошондон улам бул чыгаан өкүмдарга урмат катары Абдулкерим Сатук Бугра хан мечитин курулгандыгын айтып берди. Ректор, проф.док. Себахаттин Балжы: «Исламды түшүнүп билүүдөгү негизги таянычыбыз – Ыйык Куран жана Сүннөткө таянган Ахмет Ясавини түрк тилдүү калктар абдан жогору баалап, Орто Азия аймагынын эӊ баалуу дөөлөттөрүнүн катарына киргизип отурушат»-деди. Арап жана фарс тилдеринде эркин сүйлөгөн Ахмет Ясави, чыгармаларын түрк тилинде жазганынан улам, элдин кеӊири катмары анын чыгаан ойлорун жана ислам динин тереӊирээк түшүнүүгө өбөлгө түзгөндүгүн айтты. Ректор: «Бул даанышман бабабыздын акыл-насаатын чындап түшүнүп билсек, жаӊы Ахмет Ясавилерди жаратууга шарт түзсөк, анда жаӊы цивилизация кура алаарыбызга тереӊ ишенем»-деп өз сөзүн аяктады.

КТМУнун Биринчи проректору, проф.док. Асылбек Кулмырзаев, келген конокторго кайрылып, саламдашкандан соӊ, Ахмет Ясавинин философиясы менен таанышуу, аны түшүнүү абдан зор мааниге ээ экендигин айтып өттү. ЮНЕСКО тарабынан 2016-жылдын Ахмет Ясави жылы катары жарыялангандыгын баса белгилеген проф.док. Асылбек Кулмырзаев, түрк дүйнөсү тарабынан дин аалымы катары таанылгандыгын белгиледи. «Динге альтернатива издөөгө болбойт. Дин – инсандын жашоосунда ар дайым керек болгон көрүнүш. Менин оюм боюнча, эӊ туурасы - ар бирибиз күнүмдүк жашоодо, жүрүш-турушубуз, кылган мамилебиз, ойлорубуз менен мусулман болушубуз абзел»-деди. Бул дүйнө менен кош айтышкандыгына 850 жыл толсо дагы, азыркыга чейин унутулбагандыгын, мындан ары да эскерилип тура тургандыгын айтып өткөн Биринчи проректорубуз: «Жаш муунга бул улуу ойчулдун философиясын жеткирүү биздин милдет»-деп сөзүн аяктады.

Семинардын пленардык отурумунда, модератор катары Ахмет Ясави атындагы университеттин Камкорчулар кеӊешинин мүчөсү, проф.док. Мухиттин Шимшек, аталган университеттин Камкорчулар кеӊешинин төрагасы, проф.док. Муса Йылдыз жана КТМУнун Теология факультетинин окутуучусу, проф.док. Мустафа Чакмакоглу илимий доклад жасашты.

КТМУнун Теология факультетинин окутуучусу, проф.док. Мустафа Чакмакоглу суфизмдеги Ахмет Ясавинин ролу жана орду тууралуу маалымат берип, «Диван-и Хикмет» аттуу философиялык эмгеги тууралуу маалымат берди.

Ахмет Ясави атындагы университеттин Камкорчулар кеӊешинин төрагасы, проф.док. Муса Йылдыз 2016-жыл ЮНЕСКОнун чечими менен Ахмет Ясави жылы деп жарыялангандыгын айтып, бул улуу даанышмандын философиясы жөнүндө доклад окуду.

Семинардын соӊунда белектер тапшырылды.

Түркстандагы Ахмет Ясеви атындагы университтен келген конокторубуз, 5-декабрь күнү окуу жайыбыз, окутуучулар жана студенттер менен таанышышты. Ошону менен катар эле, 6-декабрь күнү Окумуштуулар кеӊешинин жыйында Ахмет Ясави атындагы университет тууралуу маалымат беришти.


Загрузка плеера...


Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү Ахмет Ясавини түшүнүп билүү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться