Улуттук банк маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук банк маалымдайт

Улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноталары жүгүртүүгө чыгарылды



Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №47/18 «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкнотторун жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө» токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 200, 500 жана 1 000 сом номиналындагы банкноталары жүгүртүүгө чыгарыла тургандыгын билдирет.

2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 200, 500 жана 1 000 сом номиналындагы банкноталары төмөнкүлөрдү камтыйт:

 

  1. Классикалык ыкма менен даярдалган мыкты көрүнүп турган портрет.
  2. MASK-элементи. Жарыкка салып кароодо «сом» деген сөз көрүнөт.
  3. Чыгарылган жылы 2016.

 

Улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноталары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом банкноталары менен чогуу жүгүртүүдө болот.

 

Улуттук валютасынын бардык банкноталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары чыгарылган жылынан көз карандысыз милдеттүү түрдө кабыл алууга тийиш. 

 

Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться