Эрнест Абдыжапаровдун бүтүрүүчүлөрүнүн кино-фестивалынын жеңүүчүлөрү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эрнест Абдыжапаровдун бүтүрүүчүлөрүнүн кино-фестивалынын жеңүүчүлөрү

Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн IX кино-фестивалы тууралуу сөз кылдык.



30-ноябрда, “Манас” радиосуна “Чон экран” программасына SEA студиясынын директору Сүйүм Сулайманова, режиссер Айжамал Болотова жана оператор Жуманазар Койчубеков конокто болуп, позитивдүү маек куруп беришти.

Конокторубуз менен Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн IX кино-фестивалы тууралуу сөз кылдык.

“Кино-фестиваль  Эрнест агайыбыздын мастер-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда ар жыл сайын өткөрүлөт. Анда Айдай Чотуеванын "Апорт" тасмасы баш байгеге татыса, мыкты кыска метраждуу тасма наамына Айжамал Болотованын "Ай  сонатасы" фильми, мыкты сценарий катары Дастан Мадалбековдун "Шляпа" тасмасы аталды. Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн "Энеке" тасмасындагы Анвар Осмоналиев, аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн "Ай сонатасы" фильминин каарманы Дильназ Бакытбек кызы сыйланды”,-деди Сүйүм Сулайманова.

Ал эми мыкты кыска метраждуу тасма наамына ээ болгон “Ай сонатасы” тасмасынын режиссеру бул тасманын сюжети түшүнө киргендигин айтып өттү.

“Бул тасманын сюжети жөнөкөй эле. Ал мага түшүмө кирген жана өзүмдүн биринчи сүйүүмдү эстеп жазгам (күлүп). Тасманы жаратууда бир гана менин эмгегим болгон жок. Тартуучу топ да мыкты болгондуктан ушундай ийгилик алып келди деп ойлойм”,-деди ал.

“Останься” тасмасы үчүн мыкты оператор наамына ээ болгон Жуманазар Койчубековдун айтымында, мастер-класстын катышуучулары кино дүйнөгө кадам таштай алышат жана каалаган адамдар катышса болот.

”Киностанга кош келиңиз” бул- мастер-класстын урааны. Андыктан кино жаатына аралашкысы келген адамдардын баары катышса болот. Биз баарыбыз ушул масстер-класстын бүтүрүүчүлөрүбүз жана жаңы келген катышуучуларга ар дайым көмөк көрсөтүп, кеңеш берип турабыз,”-деди Жуманазар Койчубеков.

Калыстар тобунун курамында Хасан Кыдыралиев, Актан Арым Кубат, Таалайбек Кулмендиев, Эмир Сарпашев, Акжол Бекболотов, Асел Жураева жана Элина Абай кызы болду.

Гүлзира Кеңешова

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться