Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти

Ветеринария факультетинде “Кесиптик ак халат кийгизүү” аземи өттү.



Бүгүн, 30-ноябрь Ветеринария факультетинин жыл сайын өтүүчү “Кесиптик ак халат кийгизүү” аземи К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өттү. Бул иш-чара сегизинчи жолу өтүп жатат.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, Чүй облустук Ветеринария жана фитосанитария коопсуздук инспекциясынын бөлүм башчысы У.Токтогулов, Ветеринария факультетинин деканы Куршат Алтай жана университеттин окутуучулары, студенттер катышты.

Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырган соң иш чаранын башталышында Кыргызстандагы мал чарбачылыгынын өнүгүүсү туурасында кыскача фильм көрсөтүлдү. Андан соң университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы сөз сүйлөп: - “Дүйнө жүзүндө калктын санынын тез өсүшү менен бирге азык-түлүктүн тартыштыгы да жаралууда. Бирок дүйнөдө тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, өндүрүү, азык-түлүктүн табигый жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен жетиштүү деңгээлге чыгаруунун аркети жүрүп жатат. Малды керектелүүчү тоюттар менен камсыздоо жана малдын саламаттыгын алдын алуу керек, себеби ар кандай жугуштуу оорулар адамдарга жана Айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшүнө да тескери таасирин тийгизет. Ал эми Кыргызстан мал чарбачылыгынын өнүгүшү боюнча айрым өлкөлөрдөн алдыда. Болгону системалуу иш алып барууну орнотуш керек, ошондо мындан да жогорку деңгээлге чыгат.”, - деп студенттерге ийгилик каалады.

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев:  “Кыргыз эли мал багып, көчмөн турмушта жашап келген. Андыктан Кыргызстанда мал чарбачылык тармагы өнүккөн. Учурда Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондон кийин азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аштын сапатына болгон  көзөмөл күчөгөнү байкалууда. Ошондуктан, бүгүнкү күнү “Ветеринария” эң керектүү, актуалдуу кесиптердин бири болуп саналат. Учурда университетте Орто Азияда эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап, алдыңкы технологиялык жабыктар менен курулуп жаткан ветеринария факультети келечекте мыкты адистерди тарбиялоого көмөкчү болот деген ишенимдебиз. Андыктан тандаган кесиптин татыктуу ээси болуу үчүн сапаттуу билим алуу зарыл”, - деди.

Андан соң Ветеринария факультетинин деканы, проф.Күршат Алтай сөз сүйлөп, малдын саламаттыгы менен адамдын ден соолугунун коопсуздугу ар дайым тыгыз байланышта жана ветеринария Кыргызстан үчүн өтө маанилүү илим тармагы экендигин баса белгилеп, ветеринардык кесипти тандап келген студенттерди куттуктады.

Ал эми аталган факультеттин ага окутуучусу Үмүт Гүрбүз “Тамак-аш коопсуздугу – дени сак адам” деген темада баяндама жасады.

Иш-чара факультеттин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться