Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда

Түрк дүйнөсүнүн университеттери биримдигинин Студенттик кеңешинин жыйыны уланып жатат.



2016-жылдын 24-27-ноябрь күндөрү Түрк дүйнөсүнүн университеттери биримдигинин Студенттик кеңешинин өкүлдөрү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жетекчилиги менен  жолугушуп, жыйын өткөрүштү. Белгилей кетсек, бул жолугушуу алгачкы жолу Бишкекте өтүп жатат.

Жолугушуунун биринчи күнү Түрк дүйнөсүнүн университеттери биримдигинин Студенттик кеңешинин өкүлдөрү КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы менен жолугушуп, анда Студенттик кеңештин II жыйынында кабыл алынган чечимдер жана ТДУБнин Студенттик кеңешинин спорттук оюндары талкууга алынды. Экинчи отурум Түрк дүйнөсүнүн стратегиялык байланышы жана тарых, адабият темасына арналды.

Отурумдан кийин жаштар Түрк дүйнөсүнүн университеттери биримдигинин мүчөлүгүнө кирген К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, Кыргызстан Эл аралык жана Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университети менен таанышышты.

Жыйында окуу жайдын ректору жана Түрк дүйнөсүнүн университеттери биримдигинин төрагасы, профессор Себахаттин Балжы Түрк дүйнөсүнүн жаштары менен жолугушуу кубаныч тартуулаганын белгилеп: “Учурда дүйнө жүзүндө терроризм коркунучтары пайда болуп, адилетсиздик өкүм сүрүп турган маалда Түрк маданиятын дүйнөгө жайытуу менен адамзатты кайрадан боорукерликке, ишенимге, тынчтыкка жана адилеттүүлүккө кайтып келүүгө үндөй алабыз. Ал үчүн Түрк дүйнөсүнүн жаштары ынтымакта, биримдикте болуп, дайыма аракеттин үстүндө алдыга умтулуу менен талыкпай билим алуусу керек”, - деди.

Ал эми Түрк кеңешинин баш катчысынын орун басары, доцент Өмер Кожаман аталган Студенттик кеңеш аз убакыттын ичинде түзүлгөнүн жана бир топ маанилүү долбоорлордун үстүндө ийгиликтүү иш алып бараарын билдирди.

Эртең окуу жайдын ректору Себахаттин Балжынын башчылыгында Түрк дүйнөсүнүн университеттери биримдигинин Студенттик кеңешинин өкүлдөрү үчүн семинар өтөт жана 26-ноябрь күнү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине, “Бурана” мунарасына жана Бишкек шаарын кыдыруу саякаты уюштурулат.

Аталган кеңештин иш сапары жекшемби күнү соңуна чыгат.

Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда Студенттер кеңешинин жыйыны уланууда

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться