Доцент Мурат Гөкалптын жаңы окуу китеби жарык көрдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Доцент Мурат Гөкалптын жаңы окуу китеби жарык көрдү

Доцент Мурат Гөкалптын жаңы окуу китеби жарык көрдү.



КТМУнун Гуманитардык факультетинин ага окутуучусу, доцент Мурат Гөкалптын жаңы окуу китеби жарык көрдү. Түкидагы “Педем” басмаканасынан басылган "Окутуунун принциптери жана ыкмалары" аттуу окуу китебинде Түркияда жана дүйнөдө жаңы колдонулган стратегиялык ыкма жана техникаларга өзгөчө орун берилген. Ошондой эле үйрөнүүгө багытталган жеңилдетилген техникалар орун алган. Ал өзгөчө мугалимдер үчүн маанилүү роль ойнойт. Китеп жалпысынан 8 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүмүндө илим менен байланыштуу негизги түшүнүктөр, экинчи бөлүмүндө окуутуну пландоо, үчүнчүcүндө окутуунун стратегиясы жана моделдери, төртүнчү окутуунун ыкмалары жана техникалары, бешинчи бөлүмдө ойлонуу жөндөмдүүлүктөрү, алтынчы колдонулуучу жабдыктардын тандалуусу жана даярдалуусу, жетинчи бөлүмдө таасирдүү пикир алышуу жөндөмдүүлүктөрү, ал эми сегизинчисинде мугалимдик кесип боюнча жана темалар жайгашкан. Китепте өзгөчө мугалимдик талапкерлердин КПССдеги муктаждыктарын жок кылууга багытталган 25 окутуу модели жана аракеттер, 3 окутуу стратегиясы, 6 окутуу ыкмасы, 157 окутуу техникасы жана 15 ойлонуу жөндөмдүүлүгүнө орун берилген. Окутуу техникалары  жеке жана тайпа болуп бөлүнбөстөн, алфавиттик тизмек менен эсептелет.

Аталган китепти КТМУнун Борбордук китепканасынан алып окууга жана пайдаланууга болот.

Доцент Мурат Гөкалптын жаңы окуу китеби жарык көрдү Доцент Мурат Гөкалптын жаңы окуу китеби жарык көрдү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться