Гуманитардык факультетинин cтуденттери менен маектешүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Гуманитардык факультетинин cтуденттери менен маектешүү

Окуу жайдын жетекчилиги студенттер менен жолугушту.



Студенттер менен жакындан таанышуу жана алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдашуу максатында уюштурулган маектешүү жыйыны 23-ноябрь күнү өтүп, ага окуу жайдын жетекчилери жана Гуманитардык факультетинин студенттери катышты.

Жыйын эки өлкөнүн гимндеринин ойнолушу жана "Көчмөндөр" документалдык тасманын көрсөтүлүшү менен башталды.

Маектешүү жыйынын ачылыш сөзүндө ректор, профессор Себахаттин Балжы окуу жайдын жетекчилиги студенттерге ар дайым колдоо көрсөтүп келе жатканын белгилеп: “Бул жолугушуунун негизги максаты бири-бирибизди жакындан таанып, арабыздагы ынтымакты бекемдөө менен алдыдагы ийгиликтерге бирге жетүү болуп саналат. Ар бирибиз өзүбүздү Манас деген чоң үй-бүлөнүн бир мүчөсү катары көрүп, милдеттерибизди так аткарышыбыз керек. Силер, Түрк дүйнөсүнүн жаштарысыңар, андыктан күчтүү билимиңер жана ар тараптуулугуңар менен үлгү болушуңар керек.”, - деп жаштарды көбүрөөк эмгектенүүгө чакырды.

Ал эми университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Студенттердин университеттеги биринчи милдети терең билим алуу. Андыктан, биз билимдүү жана  келечекке ишенимдүү кадам шилтеп, алга умтулган инсандарды тарбиялап чыгарууга күч жумшап, студенттер үчүн бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келебиз. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбастан, түзүлгөн шарттарды туура пайдаланып, билим алууга өзгөчө көңүл бурушуңар керек.- деди.

Жыйын окуу жайдын жетекчилиги менен студенттердин ортосунда суроо-жооп формасында маектешүү менен аяктады.

Гуманитардык факультетинин cтуденттери менен маектешүү Гуманитардык факультетинин cтуденттери менен маектешүү Гуманитардык факультетинин cтуденттери менен маектешүү Гуманитардык факультетинин cтуденттери менен маектешүү Гуманитардык факультетинин cтуденттери менен маектешүү Гуманитардык факультетинин cтуденттери менен маектешүү Гуманитардык факультетинин cтуденттери менен маектешүү Гуманитардык факультетинин cтуденттери менен маектешүү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться