«1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш аземи өткөрүлдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш аземи өткөрүлдү

Гүлзада Станалиеванын “1916-жыл кыргыз прозасында” аттуу китебинин бет ачары өткөрүлдү.



Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде  филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиеванын “1916-жыл кыргыз прозасында” аттуу китебинин бет ачары өткөрүлдү.

Китептин бет ачар аземине академик, "Манас" орденинин ээси Абдылдажан Акматалиев, "Мурас" фондунун төрагасынын орун басары, тарыхчы, публицист Кыяс Молдокасымов,  белгилүү тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин,  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору, профессор Анварбек Мокеев, окуу жайдын жамааты, студенттер жана ЖМК өкүлдөрү катышышты.

Бет ачар аземинде сөз сүйлөгөн окуу жайдын проректору, профессор Анварбек Мокеев: “Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 2016-жылы Тарых жана маданият жылы деп белгиленгендиктен, бул иш-чара да ошол мазмунга шайкеш келип жатат. 1916-жыл Кыргыз элинин боштондук үчүн ойгонгон алгачкы кадамдарынан болуп эсептелип, 1991-жылдагы эгемендүүлүк үчүн салынган тунгуч чыйырлар экендиги талашсыз. Бул окуяга байланыштуу жазылган Гүлзада Станалиеванын китебин мааниси терең, мыкты изилденген эмгек катары баалайбыз”, - деп китептин артыкчылыктарын белгилеп өттү.

Иш-чарада Улуттук илимдер академиясынын академиги Абдылдажан Акматалиев: "Автор кыргыз адабиятындагы чыгармаларды кылдат талдоодон өткөрүү менен бирге, боордош элдердин адабиятын да иликтөөгө алып, жалпы Орто Азия жана Казакстан адабиятынындагы 16-жыл темасынын картинасын да түзүп берди", - деди.  

Китепте 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кыргыз прозасында көркөм чагылдырылышы иликтенип, аталган окуяга кайрылган чыгармалардагы көркөм чындыктын тарыхтагы факты-маалыматтарга айкалышы, ал чыгармалардын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү жана образдардын турмуштук негиздүүлүгү өӊдүү маселелер талкууга алынган. Улуттук адабиятыбыздын тарыхында мурда белгилүү деӊгээлде чектөөлөрдүн карамагында иликтенип келген барактары талданып, эгемендик мезгилине чейинки идеялар менен көз караштар кайрадан каралган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары казак, түркмөн, өзбек элдеринин адабиятындагы 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу чыгармалар менен салыштырылып талданган.

Китептин автору Гүлзада Станалиева 1916-жыл окуясынын кыргыз адабиятында чагылдырылышын көп жылдар бою изилдеп жүргөн окумуштуу катары белгилүү. Анын бул темада «Тарых жана тагдыр», «Тарыхый чындыкты чагылдырган роман» жана «Тарыхый чындыкты көркөм аңдоо» деген эмгектери жарык көргөн.

Иш-чарада 1916-жылдагы үркүнгө кайрылган чыгармалар жана  китептин мазмуну тууралуу кыскача тасма көрсөтүлдү.

«1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү «1916-жыл кыргыз прозасында» атуу китебинин ачылыш  аземи өткөрүлдү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться