Акыркы жолу кинодо мушташкам » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Акыркы жолу кинодо мушташкам

Автопортрет” программасынa Съездбек Искеналиев кызыктуу бир маек курду.



“Автопортрет” программасынын 22-ноябрдагы уктуруусунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы, актер жана жөн гана бир үй-бүлөнүн атасы Съездбек Искеналиев кызыктуу бир маек курду.

Манас радиосунда мукам үндүү Съездбек Искеналиев бир саат алкагында өзүнүн балалыгы, чыгармачылыгы жана келечектеги пландары тууралуу сөз кылды. “Эрке жана ыйлаак болгонума карабастан, үч жашыман баштап ырдаганды аябай жактырчумун. Мектепте 5-6-классымда эле “Максат” ырчылар тобунун башкы солисти элем. Айылда адигине уурусунун ак сакалдары: “Биздин уурудан да таланттуу, чыгармачыл жигит бар.”-деп, сыймыктанып калышчу. Чыгармачылык жашоом 2001-жылы башталды. Үй-бүлөм тарабынан башында менин ырчы болушума каршылыктар болгон, бирок бара-бара баардыгы макулдугун беришти. 2006-жылы кино тармагына да аралашып, Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” тасмасында Мураттын ролун чагылдыргам.”-деп, жаш кезине бир кайрылды. Угармандардын: “Алтын балык кармап алсаныз, эмне кылат элениз?”, “Акыркы жолу качан мушташтыныз эле?”, “Чыгармачылык сиз үчүн эмне?”-деген сыяктуу тынбай жааган суроолоруна кызыктуу жоопторду узатты. “Эгер алтын балык кармасам, кууруп жеп алмакмын. Жок нерсеге куру кыялдангандан алысмын. Мен негизи согушкандан алысмын, акыркы жолу “Боз салкын” тасмасында Сагын менен мушташкам. Чыгармачылык – мен үчүн жүрөктөн чыккан сөз, обон жана жүрөктөн чыккан ыр. Азыркы ырчылар той үчүн гана ырларды чыгарып алып, акча таап жүрүшөт. Той, акча – бул чыгармачылык эмес!”-деп, угармандардын жүзүнө күлкү тартуулады.

Убакыт учкан самолет демекчи, Съездбек Искеналиевдин кызыктуу маегинен улам бир саат көз ачып, жумганча өттү. Келээрки жылы чыгармачылыгына 15 жыл толуп, отчеттук концертин өткөрүүнү пландоодо. Съездбек мырзанын алдыдагы иштерине албан-албан ийгилик демекчибиз.

“Жакшы жолду тандасаң, жакшы нерсе жабышат.                                                                                                                                         Жаман жолду тандасаң, жаман нерсе жабышат.”     С.Искеналиев

Жоомарт Шайдылдаев


Загрузка плеера...


Акыркы жолу кинодо мушташкам Акыркы жолу кинодо мушташкам Акыркы жолу кинодо мушташкам Акыркы жолу кинодо мушташкам Акыркы жолу кинодо мушташкам Акыркы жолу кинодо мушташкам Акыркы жолу кинодо мушташкам

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться