Биз сиздерди ойготобуз! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Биз сиздерди ойготобуз!

Илгери-илгери «Манас» деген ажайып, кооз бир өлкөдө ынтымактуу, акылдуу, эр жүрөк эл жашаган экен.



Бирок ал өлкөнүн жашоочулары уйкуну абдан жакшы көрүшкөндүктөн уктап калып көп ийгиликтерден артта калышчу. Хан өзүнүн элине кабатырланып, бул маселени чечүү үчүн калкына жарыя кылат.”Кимде-ким эртең  менен күн чыга электе бүтүндөй элди ойгото алса, ага казынадан бир мүшөк алтын берилет.”Аталган жарыяны укканы менен эл арасында эч ким бул милдетти аткарууга даабайт.Мына ошондо көпчүлүктүн ичинен эки улан жана бир кыз:”Сиздин бул тапшырмаңызды биз аткарабыз, ханым.Бирок бир шарт менен Хандыгыңыздагы өтө аздектеп баалаган “Ля-ля-фа” деген куралыңызды бериңиз” дешет. Хан ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры элинин келечегин ойлоп макул болот.

Арадан мезгил өтүп, “Ля-ля-фа” деген ойготуучу курал менен ойгонгондордун саны күн сайын көбөйө берет.Эки улан менен кыз болсо элине чын жүрөктөн кызмат кылууну уланта беришет.Бара-бара бүтүндөй эл сергек, маанайы жарык, көңүлдөрү шат болуп ийгиликтерли биринин артынан бирин багынта башташат.Акыры ал өлкөдө уктап калган бир да адам калбайт.

Сиз билесизби, “Ля-ля-фа” куралы бүтүндөй дүйнө жүзүн каптап, бүгүнкү күндө бизге да келип жетти.Кызыгып калдыңызбы, анда иш күндөрү саат 7.00 дөн саат 8.00 гө чейин “Манас” радиосунан “Ля-ля-фа” уктуруусун тыңдаңыздар. Позитив бизден башталат. Кызматыңыздарда Кымбат Айтыбекова, Аппаз Жаныш уулу жана Ихтияр Исабеков.Биз сиздерди ойготобуз!

Биз сиздерди ойготобуз! Биз сиздерди ойготобуз!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться