Адам өмүрү 10 сомдон кымбат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Адам өмүрү 10 сомдон кымбат

Учурда коомубузда маршруттук таксилердин абалына жүргүнчүлөр тараптан нааразычылыктар байма-бай айтылып келет.



Алардын айтымында,маршруттук таксилердин ичинен таза эместиги,айдоочулардын орой мамилеси,жүргүнчүлөрдү ашыкча салуусу жарандардын укугунун бузулушуна себепкер. Айдоочулар болсо өз кезегинде бул өңдүү нааразычылыктардын чыгышына жалгыз гана айдоочулар күнөөлүү эмес экендигин айтышат. Коомдогу нааразычылыктардын орун алышына ким күнөөлүү?

Маршруттуктаксилердин айдоочулары жүргүнчүлөргө орой мамиле кылган учурлары кездешет. Бул сыяктуу терс көрүнүшкө күбө болуп, кайдыгер мамиле кылбастан,тескерисинче коомдун көңүлүн бурдуртууга аракет кылган жарандарыбыз да бар. Алардын бири КУУнун 2-курсунун студенти,блоггер Жайнагүл Ашырахманова. Каарманыбыз мындан 2 ай мурун маршруттук таксилердин биринин айдоочусунун жүргүнчүгө кылган орой мамилесине күбө болуп,бул окуяныFacebookтагы өздүк баракчасына жарыя кылып, 3000 миңден ашык колдонуучунун көңүлүн бурдурткан.

 -Бул окуя тууралуу жазышымдын себеби өзүм күбө катары мындай терс көрүнүштү коомчулукка билдирүүнү жарандык милдетим катары эсептедим. Аялдамадан жаш баласы менен бир эже маршруткага түштү. Бир-эки аялдамадан соң ал эже чөнтөгүнөн 500 сом алып чыгып айдоочуга сунду. Айдоочунун жини келип эжеге:”Майдалатып анан түшпөйсүнбү! Жүргүнчүлөр дайыма ушундайсынар,уятыңар жок”-деп кыйкырып,жаман сөздөр менен тилдей баштады. Эже болсо баласы менен алаксып калганын айтып,жанында майда тыйыны жок экенин түшүндүрдү. Айдоочу ошончо элдин көзүнчө уят сөздөр менен тилдегени аз келгенсип түшкүнүң деп түшүрүп салды. Бул жагымсыз окуяга күбө болгондон соң ал маршруттук такси менен андан ары кетким келбей мен да жолдон түшүп калдым. Дароо аялдамадан бул окуяны болгонун болгондой кылып жазып Facebook баракчама жарыя кылдым. Абдан эмоция менен  жазылгандыктан 3000 ден ашык колдонуучунун көңүлүн бурдуртуп,жеке купуяма оң да терс да пикирдеги каттар келип жатты. Аталган пост 10 күндөй туруп,жеке купуяма келген алып салуу сунуштары менен кайрылгындардын саны көп болуп кеткендиктен алууга туура келди.

Коомдо орун алып жаткан нааразычылыктарга айдоочулар кандай жооп беришет? Алардын айтымында кээ бир учурларда айдоочулар эрежелерди бузушу мүмкүн.Бирок жалгыз гана айдоочуларды күнөөлөй берүү туура эмес. Мындай пикирди 118-маршруттук таксинин айдоочусу Жумабек Мокеев да карманат.

-Айдоочулук кесипти аркалап келе жатканыма 14 жылдын жүзү болду. Айдоочулардын дарегине айтылган сындар тууралуу айтсам 5 кол тең эмес дегендей бардык айдоочулар бирдей эмес. Ооба арасында болушу мүмкүн,орой мамиле кылып,ашыкча жүргүнчү салып,жарышып айдагандар. Бирок жалгыз эле айдоочуларды күнөөлөгөн да туура эмес деп ойлойм. Жүргүнчүлөр өздөрү бул жактан токтотуп коюңуз деп суранышат токтотпой койсоң жини менен эшикти тарс жаап кетишет. Ашыкча салбай коеюн десең кийинки маршрутканы күткүлөру келбей биринин артынан бири маршруткага кирүүгө шашылат. Анан аларды кантип түш дейсиң .Демек мындай жагымсыз окуялардын болушуна жүргүнчүлөрдүн да күнөөсү бар.

Бишкек шаарындагы транспорттун анын ичинде маршруттук таксилердин учурдагы абалы кандай? Айдоочуларга нааразы болгон жүргүнчүлөр биринчи иретте кимге кайрылышы керек? Бул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Атыканов Нурлан Качкынович менен маек курдук.

-Азырыкы учурда Бишкек шаары боюнча 41 жеке ишкана 121 маршруттук каттам менен тейлейт.Күн сайын 2700 гө чукул маршруттук каттам линияга чыгат. Маршруттук таксилер 100-номер менен башталып,380-номер менен аяктайт. Айына бир жолу биз маршруттук таксилер менен иш алып барган фирмалардын ишмердүүлүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турабыз. Нааразы болгон жарандар Бишкек шаардык мэриясынын алдында иштеген 185 номуруна чалып арызданышат.Ал арыздардын негизинде кайсы фирма болбосун жетекчиси менен ошол маршруттук таксинин айдоочусун чакырып иштин чоо-жайын иликтеп,тиешелүү чараларды көрөбүз. Күн сайын 185 номуру менен байланышып канча арыз түшсө да,бардыгын карап чыгабыз.

Маршруттук таксилердин абалы,айдоочулардын дарегине айтылган нааразычылыктар коомдо дайыма болуп келген көрүнүш. Бул маселени чечүү үчүн ар бир жаран, жөнөкөй жүргүнчү да, айдоочу да өз милдетин так билип, бир-бирине сый мамиле кылуу менен жапа тырмак киришүүсү керек.

Кымбат Айтыбекова

Айдана Толонова

Адам өмүрү 10 сомдон кымбат Адам өмүрү 10 сомдон кымбат Адам өмүрү 10 сомдон кымбат

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться