Алтын куймалар-келечектеги инвестиция » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Алтын куймалар-келечектеги инвестиция

Азыркы учурда акча адамдын жашоосунда чоң кызмат аткарат десек, эч жаңылышпайбыз.



Дүйнөдө акча бирдиктеринин түрлөрү да аз эмес. Алардын ичинен дүйнөлүк экономиканын эң басымдуу бөлүгүн доллар багынткан. Бирок кайсы бир акча бирдиги болбосун, анын наркы же түшүп, же көтөрүлүп турат. Башкача айтканда адамдардын келечекке сактаган депозити доллар болсо дагы, ар дайым коркунуч абалында турат. Кыргызстандын калкы депозитти акча бирдигине гана эмес,кыймылсыз мүлк жана мал менен дагы сактап келүүдө. Ага карабастан бир жылдан бери өнүккөн өлкөлөрдүн альтернативасын Кыргызстан да активдүү колдоно баштады. Бул альтернатива-алтын куймалары.

 Алтын адам үчүн эң баалуу материалдык байлык болгондугуна шек жок. Алтын куймаларын алып, аларды келечекке инвестициялоо баардык адамдар үчүн пайдалуу. Анткени алтындын баасы өсүп турат же стабилдүү болот, бирок эч качан төмөндөбөйт.Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын демилгеси менен 2015-жылдын 7-майынан тарта аффинаждалган (өлчөнүп, таңгакка салынган) жана сертификаты бар 45 кг салмактагы алгачкы алтын куймалары сатыкка чыгарыла баштаган.Улуттук банк 1, 2, 5,10, 31.1035, 100 граммдык салмактагы куймаларды сатыкка чыгарган.Кыргызстанда майда алтындарды иштетүүчү ишкана жок болгондуктан кыргыз жана казак алтынынан: 100гр салмактагы куймаларды кыргыз алтынынан өндүрүүчү “Кыргыз Алтын”,

майдалары (1, 2, 5, 10, 31.1035гр) казак алтынынан өндүрүүчү “Казак Тыйын Сарайы”. Алтын куймаларынын баасы Лондондогу фондулук биржа тарабынан бекитилген дүйнөлүк баага (трой унциясына) көз каранды.

“Улуттук акча бирдиги – сом, алтын базарда акча каражаты эмес. Бирок тараптар товарды алтын менен баалоого макул болсо, тыюу салынган эмес. Каражатты алтын менен сактоо коопсуздуураак. Толук кандуу инвестициялык продукт болсун деп, кайра сатып алууну киргиздик. Кайра сатып алууда таңгактын абалы каралат. Эгер таңгак ачылып же чийилип калса, текшерүүгө берилет. Алтынды дефектоскоп (куймага башка  металл чапталбаганын жана салмагын аныктай турган апарат) аркылуу анализдейт. Текшерүү процесси 10 күн, жыйынтыгында алтындын 7%ы текшерүү акысы катары алынат.Андан тышкары алтын куймаларын сатыкка чыгаруу доллар менен сакталган депозиттердин көлөмүн түшүрүүнү максат кылат. Ал эми эң негизги максат – элдин акчасын алтын менен сактаганга, алардын алтынды алышына мүмкүндүк берүү. Кыргыз алтынына болгон ликвиддүүлүк биз ойлогондой өсө берсе, алдыда күмүш куймаларын да сатыкка чыгарууну максат кылуудабыз.”,-дейт Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолор (кошумча нарк салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошотуу) киргизилди.Алтын куймалары сатыкка чыгарылгандан бери Улуттук Банк тарабынан 228.9 миллион сомго 85.1 кг салмактагы алтын сатылды.

Датасы

Алтынкуймалар,гр

Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу баасы, сом

Өлчөнгөн куймалардын сатуу баасы, сом

13.10.2016

1.00

4 257.00

4 278.00

13.10.2016

2.00

7 412.50

7 442.00

13.10.2016

5.00

17 158.00

17 209.50

13.10.2016

10.00

33 471.00

33 538.00

13.10.2016

31.1035

101 338.50

101 440.00

13.10.2016

100.00

282 154.50

282 436.50

14.10.2015

1.00

4 061.00

4 081.50

14.10.2015

2.00

7 021.00

7 049.00

14.10.2015

5.00

16 173.50

16 222.00

14.10.2015

10.00

31 501.50

31 564.50

14.10.2015

31.1035

95 223.00

95 318.50

14.10.2015

100.00

263 738.50

264 002.00

 

Демек продуктка болгонсуроо-талап күн санап жогорулоодо. Алтындын баасы ар дайым жогорулап тургандыктан, аны келечекке инвестициялоо баардыгына кирешелүү.Алтын куймалары жөн гана материалдык каражат болбостон, финансылык инструмент, сомду колдоо, долларлашуу тенденциясына туруштук берүү жана элдин байлыгын доллар менен сактоосун азайтуу сыяктуу көп кызматтарды аткарат. Ошондой эле куйманы депозит катары гана колдонбостон, алтынды тойлордо белек катары берип, башка өлкөгө алып чыкса да болот. Алтынкуймаларын инвестициялоо ишенимдүү жана кирешелүү.

Жоомарт Шайдылдаев

 

 

Алтын куймалар-келечектеги инвестиция Алтын куймалар-келечектеги инвестиция Алтын куймалар-келечектеги инвестиция Алтын куймалар-келечектеги инвестиция Алтын куймалар-келечектеги инвестиция Алтын куймалар-келечектеги инвестиция Алтын куймалар-келечектеги инвестиция Алтын куймалар-келечектеги инвестиция

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться