Жаш каректин дүйнөгө көз карашы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаш каректин дүйнөгө көз карашы

15-ноябрь күнү Кыргыз киносунун 75-жылдыгы менен бирге тарых жана маданият жылына арналган биринчи Республикалык балдар жана жаш өспурүмдөр арасындагы “Жаш карек” кино-фестивалынын жабылыш аземи болуп өттү.



Орто Азияда жалгыз жана биринчи жолу өткөрүлгөн “Жаш карек” кино-фестивалынын башкы уюштуруучусу Айбек Дайырбеков Манас  радиосунун “Автопортрет” уктуруусунда конокто болду.

Манас Фм радиосундагы “Автопортрет” программасынын кезектеги чыгарылышында Орто Азияда биринчи жолу өткөрүлгөн “Жаш карек” кино-фестивалынын башкы уюштуруучусу, режиссер Айбек Дайырбеков фестиваль тууралуу маек курду.Долбоор “Менин дүйнөм” тематикасында коштолду. Сынакка баардык жанрдагы, 10 мүнөткө чейинки кыска метраждуу тасма тарткан жаш режиссерлор катышты.Кино долбоорго 6 жаштан 17 жашка чейинки балдар катышып, 87 тасманын 23ү финалга өттү.Булардын ичинен эки тасма эл аралык фестивалга катышууга жолдомо алды. Тасмаларда балдар жашоосунда көп кагылышкан сүйүү, аракечтик, суицид, миграция, рекетчилик сыяктуу көйгөйлөр козголуп, балдардын улууларга жана бүтүндөй дүйнөгө болгон кайрылуулары да чагылдырылган. Кино-фестиваль сыйлык тапшыруу аземи менен жыйынтыктады. жалпысынан 9 номинация боюнча байгелер ыйгарылды. Эң алдыңкы 3 номинация: “Эң мыкты көркөм тасма” – “Инсомния” режиссеру 17 жаштагы Искаков Тимур, “Эң мыкты даректүү тасма” – “Битик” режиссеру 12 жаштагы Таалайбек кызы Алтынай, “Эң мыкты анимациялык тасма” – “Кошуналар” режиссеру 13 жаштагы Ильясов Батыр.

Кино-фестиваль өз ишин улантып, 2017-жылдын 1-сентябрынан 10-октябрына чейин каттоо боло тургандыгын билдирди Айбек мырза. Фестиваль ушул деңгээлде уланса, Кыргызстандын киномотография жаатында келечеги кең. Жаш режиссерлор келечекте кыска метраждуу гана эмес толук метраждуу тасмаларды да жарата тургандыгынан шек жок.

Жоомарт Шайдылдаев

                                                                                                               

Жаш каректин дүйнөгө көз карашы Жаш каректин дүйнөгө көз карашы Жаш каректин дүйнөгө көз карашы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться