Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасына арналган тегерек стол өткөрүлдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасына арналган тегерек стол өткөрүлдү

“2016-2020‑жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасын ишке ашыруу кадамдары, учурдагы абалы» темасындагы тегерек стол өттү.



2016-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын демилгеси менен “2016-2020‑жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасын ишке ашыруу кадамдары, учурдагы абалы» темасындагы тегерек стол өттү. 2016-2020‑жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасы жана анын биринчи бөлүгүн ишке ашыруу Планы 2016-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 319 токтому менен кабыл алынган.

Тегерек столго Программаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик ишканалардын, жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Лада Орозбаева калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун өзгөчө актуалдуулугун баса белгиледи. “Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу иш аракети – мамлекеттик мемелердин жана жарандык коомдун катышуусун талап кылган жалпы мамлекеттин максаты. Тегерек столду өткөрүү аркылуу коомчулуктун ар кандай катмарынын көңүлүн буруп, программаны ишке ашыруу процессинин эффективдүүлүгүнө жетишүү максаты бардыгыбызды кызыктырат” – деп билдирди Лада Орозбаева.

Тегерек столдо Программанын ишке ашыруу процесси жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу демилгелери боюнча кеңири маалымат берилди. Иш‑чаранын негизинде мамлекеттик ишканалардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрүнүн кызматташуу багыттары талкууланды.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын чогуу ишке ашыруу чаралары боюнча резолюциясы кабыл алынды.

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасына арналган тегерек стол өткөрүлдү Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасына арналган тегерек стол өткөрүлдү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться