Декабрда Кыргыз драма театрынын 90 жылдык мааракеси » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Декабрда Кыргыз драма театрынын 90 жылдык мааракеси

Манас радиосунун «Ракурс» уктуруусунун бугунку коногу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жетекчиси  Темирлан Сманбеков  90жылдык маараке ушул жылдын 16-декабрь күнү белгиленээрин айтты.



Бүгүнкү күндө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жамааты мектеп окуучуларына, балдарга арналган спекталдар да коюп жатышат. Азыркы учурда театрда  Жалил  Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектакли коюлуп жатат. Бул спектакль мектеп окуучуларынын патриоттуулукка, адилеттүүлүккө үндөө  максатында коюлууда. Балдарга жана мектеп окуучуларына арналып 20-декабрдан 10-январга чейин ар кандай темадагы спектаклдар коюлат.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жетекчиси  Темирлан Сманбеков  “Ракурс” уктуруусунун жүрүшүндө, улуттук кыргыз драма театрдын 90жылдык мааракесине даярдыктар кызуу жүрүп жатканын да айрыкча белгилеп өттү. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жетекчиси  Темирлан Сманбеков  менен болгон  маекти төмөндө уксаңыздар болот.

Декабрда Кыргыз драма театрынын 90 жылдык мааракеси Декабрда Кыргыз драма театрынын 90 жылдык мааракеси Декабрда Кыргыз драма театрынын 90 жылдык мааракеси

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться