Дилбар Алимова: “Кыргыз журналистикасынын келечеги кенен” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Дилбар Алимова: “Кыргыз журналистикасынын келечеги кенен”

“Кыргыз журналистика мектеби” долбоорунун жетекчиси Дилбар Алимова конокто болду.



14-ноябрда “Жаңы күн” программасына ПолитКлиника гезитинин башкы редактору, “Кыргыз журналистика мектеби” долбоорунун жетекчиси Дилбар Алимова конокто болду.

  Программада Дилбар Алимова менен журналистика жана  “Кыргыз журналистика мектеби” долбоору тууралуу маек курдук. Анын айтымында, бул долбоорго өлкөбүздүн ЖОЖ дорунда Журналистика бөлүмүндө окуган студенттер катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.  

“Кыргыз журналистика мектеби” долбоору  АКШ нын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен 2015-жылы башталган. Долбоордун максаты-студенттердин университетте алган теориялык билимин практика менен бекемдөө. Мындан жөнөкөй жаңылык жазуудан баштап, видео тартуу, аны монтаждоого чейин практика жузүндө үйрөнө алышат”,-деди ал.  Анын бүтүрүүчүлөрү азыр толук кандуу журналист болуп иштеп жүрүшөт. Азыр 2-сезон болуп жатат, дагы үч тренингден кийин активдүү катышуучуларга сертификаттар берилет”-, деди ал.

Дилбар Алимова долбоордун 1-сезону ийгиликтүү аяктап, учурда 2-сезону болуп жаткандыгын жана активдүү катышуучуларга сертификаттар берилерин кошумчалады.

Мындан тышкары, коногубуз:

“Кыргыз журналистикасынын келечеги кенен. Андыктан таңдаган жолуңардан тайбай, максатыңарга жетүүгө кадам таштай бергиле. Келечектеги журналисттер “журналист” деген сөздү коомдо бийик көтөрө алат деген үмүттөмүн”,- деп жаш журналисттерге кайрылып өттү.

Гүлзира Кеңешова

Дилбар Алимова: “Кыргыз журналистикасынын келечеги кенен” Дилбар Алимова: “Кыргыз журналистикасынын келечеги кенен”

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться