Кытайда Кыргызстандын Маданият күндөрү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кытайда Кыргызстандын Маданият күндөрү

11-ноябрдан 17-ноябрь күндөрү аралыгында Кытайдын Пекин, Шанхай, Гуанжоу,Урумчи шаарларында Кыргыз Республикасынын өнөр адамдарынан куралган жоон топ делегациянын катышуусу менен маданият күндөрү өтүп жатат.



 

Кытайда Кыргызстандын Маданият күндөрү Пекин шаарындагы Чоң балет театрында расмий түрдө ачылды. Маданият күндөрүнүн ачылышында Кытай Элдик Республикасынын Маданият министринин орун басары Динг Вей, байыркы тарыхыбызда кытай-кыргыз эли тыгыз байланышта болгонун, кытай эли дүйнөгө белгилүү "Манас" эпосун жакшы билерин, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду таанышарын билдирди. Ошондой эле кытайлардын биздин Айтматовдой белгилүү жазуучусу бар экенин, ал кыргыз өлкөсүндөгү Суяб деген жерде төрөлгөнүн да айтып өттү.

Кыргыз делегациясынын катарында "Камбаркан" тобу, "Ак марал" бий ансамбли бар. Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова популярдуу кытай ырын ырдап, кытай көрүүчүлөрүн таң калтырганын айрыкча белгилеп өтөлү.

 

 

Пекин шаарынын сахнасында Самара Токтакунова, Саламат Садыкова, Замир Баялиев, Темир Назаров, "Камбаркан" фольклордук тобу жана "Ак марал" бий тобу өнөр көрсөтүштү. Пекинден сон Шанхай, Гуанжоу, Урумчи шаарларында  өнөрпоздорубуз көрүүчүлөргө кыргыздардын маданиятын тааныштырып жатат. Кытайда Кыргызстандын Маданият күндөрү 17-ноябрда жыйынтыкталат.

Кытайда Кыргызстандын Маданият күндөрү  Кытайда Кыргызстандын Маданият күндөрү  Кытайда Кыргызстандын Маданият күндөрү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться