Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү

KTMÜ'de Dünya Sosyologlar Günü dolayısıyla panel düzenlendi.



2016-жылдын 14-ноябрында Гуманитардык факультетинин Социология бөлүмү тарабынан «Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү» белгиленип, чакан илимий жыйын уюштурулду.

Иш-чарага университет жетекчилери, Социология бөлүмүнүн жалпы жамааты, Кыргызстандагы ЖОЖдон социолог-мугалимдер жана студенттер катышты.

Жыйындын ачылыш сөзүндө Социология бөлүмүнүн башчысынын м.а, профессор Жылдыз Урманбетова Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү менен кызуу куттуктап, жыйынды жетектөө ишин алып барды.

 Илимий жыйындын алгачкы сөз кезегин профессор Кусеин Исаев алып, «Кыргызстанда теңсиздиктин социологиясы» деген темада баяндама окуду. Андан соң профессор Хаяти Беширли «Иденттүүлүк, саясат жана социология», соц.ил.др.доц. Рита Салморбекова (Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Социология факультети) «Кыргызстандагы мыйзамсыз миграция» (социологиялык талдоо), профессор Н.ϴмүралиев «Кыргызстанда этникалык маселелер жөнүндө, доцент Н.Меңдибаев «Социалдык бүтүндүк катары айыл», доцент Б.Мотукеев «Проблемы повышения здоровья населения», соц.ил.канд. А.Жусубалиев «Кыргыз коомунун этникалык жиктелиши», соц.ил.канд. Б.Малтабаров «Кыргызстанда дин маселелери», соц.ил.канд. С.Сыргабаев «Кыргыз жаштарынын маселелери», КТУ «Манас», Социология бөлүмүүн магистранты Алина Тагайбекова «Көз карандысыз Кыргызстандын иденттүүлүк кризиси», КТУ «Манас», социология бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Ж.Айтбаев «Жаштардын саясий иденттүүлүгүн калыптандырган факторлор» деген темада баяндама жасашты.

Эске салсак, бул майрам 1901-жылы 14-ноябрда Франциянын Париж шаарында «Бүткүл дүйнөлүк социология күнү» деп жарыяланып, Европа, Америка, Азия мамлекеттеринде майрамдалып келет. Ал эми Кыргызстандагы социологдор 2014-жылдын 14-ноябрынан баштап белгилеп келе жатышат.

 

Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү Бүткүл дүйнөлүк социологдор күнү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться