Тарыхый шаарлар жана иллюстрациялар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Тарыхый шаарлар жана иллюстрациялар

«Тарыхый шаарлар жана иллюстрациялар» сүрөт көргөзмөсү өттү.



Кыргыз-Түрк Манас университетинде «Тарыхый шаарлар жана иллюстрациялар» аттуу тарыхый шаарлардын сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Аталган көргөзмө 2016-жылдын 9-ноябрында Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчада жайгашкан ректорат көргөзмө залында Көркөм өнөр факультетинин Графика бөлүмүнүн окутуучусу Үмит Дикмен тарабынан өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор  Асылбек Кулмырзаев, факультет декандары, окутуучулар жана студенттер катышты.

Көргөзмөнүн ачылышында ректор Себахаттин Балжы жаңычылдык, оригиналдуулук тууралуу сөз сүйлөп, окутуучу Үмит Дикменди өз ишинде өзгөчөлүктөрдү көрсөтө алгандыгы үчүн куттуктады. Ал эми биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев иш-чаранын ийгиликтүү болгонун жана келечекте дагы жаңы нерселерди күтөбүз деген оюн билдирди.

Аталган көргөзмөдө Түрк дүйнөсүнө таандык тарыхый шаарлардын, архитектуралык  комплекстердин жана графикалык  иллюстрацияларды көрүүгө болот.

Тарыхый шаарлар жана иллюстрациялар Тарыхый шаарлар жана иллюстрациялар Тарыхый шаарлар жана иллюстрациялар Тарыхый шаарлар жана иллюстрациялар Тарыхый шаарлар жана иллюстрациялар Тарыхый шаарлар жана иллюстрациялар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться