Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды

Университетте  Анадолу аймагынын элдик ырлары жаңырды.



2016-жылдын 4-ноябрында Көркөм өнөр факультетинин Музыкалык искусство бөлүмү  жана түрк оркестри тарабынан уюштурулган «Анадолу аймагынын элдик ырлары» аттуу ыр кечеси болуп өттү. Анадолу аймагынын керемет чыгармаларынын жандуу аткарылышы менен башталган концерттик программа “Манас Фм” радиосунда түз жаңырып турду.

Кечеде Фатих Эренлер, Нежип Йылгын, Гөкхан Усал, Левент ϴзер агайлардын катышуусунда күүлөр чертилип, калктын калың катмарына сиңип, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Анадолу  аймактарынын бир топ элдик чыгармалары ар кыл аспаптардын коштоосунда жандуу аткарылды.

Концерттин көркөм жетекчилик милдетин ага окутуучу Себахаттин Сивиркая аткарып, дирижерлук кызматты КРнын Эл артисти, ага окутуучу Рысбек Жумакунов жетектеп, кечени “Манас Фм” радиосунун мүдүрү Булент Намал алып барды.

Концерттик кечеде окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы кеченин уюштуруучулары менен катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип: “Бул мукам үндүү чыгармалар аркылуу көкүрөктөгү боштукту толтуруп, жан дүйнөбүз кубанычка бөлөндү. Биз ырларга жана ыр саптарына тарыхыбызды, дегеле жашоонун өзүн сыйдырып, бир сап ыр менен бүтүндөй дүйнөнү, маданиятыбызды чагылдыра алган элбиз. Андыктан бүгүнкү кечени маданияттын майрамы десек жаңылышпайбыз. Чыгармачыл адамдар алкышка татыктуу. Залга көрүүчү батпай турса, концерт көркүнө чыгат. Мына ошондуктан “Манас FM”дин угармандарына, концерттин катышуучуларына жана концертти түз алып барган университеттин Радио-телевидение башкармалыгына ыраазычылыгымды билдирем”,-деди.


Загрузка плеера...


Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды Анадолу аймагынын элдик ырлары жанырды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться