Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү

Окуу жайда Ататүрктү эскерүү кечеси болуп өттү.



2016-жылдын 10-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 78 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны болуп өттү.

Иш -чара эртең менен Бишкектеги «Ататүрк» атындагы эс алуу паркында Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелигинин астына гүл коюу менен башталган.

Андан соң иш-чара университте улантылып, жыйынга ТРнын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарымдуу элчиси Метин Кылыч, университетибиздин ректору Себахаттин Балжы, биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев, университеттин академиялык жамааты жана студенттер катышышты.

Жыйын эки өлкөнүн улуттук гимндери жана Мустафа Кемал Ататүрктү 1 мүнөттүк эскерүү менен башталды.

 Жыйынды университеттин ректору Себахаттин Балжы ачып, Ататүрктүн Түрк дүйнөсү жана адамзат тарыхына, маданиятына калтырган улуу жолу дүйнө жүзүндө сый-урмат менен эскерилерин баса белгиледи.  - “Мустафа Кемал Ататүрк өзүнүн көрөгөчтүгү менен СССРдин кулашын жана географиялык жактан алыс жайгашкан бир туугандарыбыз менен бирге болоорубузду алдын ала көрө билген экен. Ататүрк өз сөзүндө Манас университетинин түзүлүшүн да керээз кылып айтып кеткен”, - деп кошумчалады.

Ал эми биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев тарыхта көптөгөн улуу инсандардын жасаган иштери убакыттын өтүшү менен унутулганына карабай, Ататүрктүн жасаган иши унутулбастыгын баса белгиледи. – “Ататүрк Түркиянын улуу лидери болгон жана бүтүндөй Түрк дүйнөсүнө жакшы үлгү көрсөтүп, түрк эли үчүн жаркыраган келечек куруп берип кеткен”, - деп, Ататүрктөн кийин Түркия көптөгөн кыйынчылыкты башынан өткөргөнүн, айрыкча акыркы учурдагы окуялар тууралуу айтып, бирок түрк калкы күчтүү эл, күчтүү мамлекет, -  деп сөзүн жыйынтыктады.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч Ататүрктүн Чанаккале жеңишиндеги эрдиги тууралуу айтып: “Ататүрк 1923-жылы Республиканы куруп аны башкаларга далилдей алган дүйнөлүк аренада өз таасирин тийгизген улуу саясатчы болгон. Ататүрктүн аскердик гениалдуулугунун аркасында түрк эли туруктуу өлкөгө ээ боло алган”- деди Метин мырза.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин Коммуникация факультетинин деканы Хамза Чакыр “Ататүрк жана басма сөз”, ага окутуучу Абды Сатаров “Ататүрктүн түрк тилине болгон көз карашы”, доцент Аслы Йурдигүл жана ага окутуучу Гөкче Йогуртчу “Республика доорундагы аялдардын укуктары” деген темада баяндама жасашты.

Жыйын Көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган “Ататүрктүн сүйүктүү ырлары” аталышындагы концерттик программа менен соңуна чыкты.


Загрузка плеера...


Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү Улуу жол башчы Ататүрктү эскерүү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться