Улуттук банк маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук банк маалымдайт

Электрондук акча деген эмне?



Жаңы күн программасынын алкакынды салтка айланып калгандай эле бейшемби күнкү чыгарылышында, Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын, жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу бөлүмүнүн жетектөөсү адиси Айгүл Молдобекова менен телефон аркылуу түз байланышып электрондук акча тууралуу маек курдук.

Учурда мобилдик, электрондук төлөм жүргүзүү, интернет банкинг кызматы сыяктуу заманбап төлөм жолдору бар. Жалпылап айтканда аны электрондук акча же электрондук капчык деп жүрүшөт. Мындай заманбап төлөм жүргүзүү тууралуу кабары жок угармандар үчүн айта кетсеңиз, деги -Электрондук акча деген эмне?

Негизинен мунун баары ыкчам маалымат алууга жана интернет аркылуу өздүк банктык эсебиңизди башкарууга ыңгайлуу шарт түзөт. Ушуга жараша үйдөн чыкпай туруп эле төлөм жүргүзүп же бир нерселерди сатып алсаңыз болот. Нак эмес төлөм жүргүзүүнүн бир аз убакыттын ичинде калк үчүн популярдуу болуп кетишине – анын ыкчамдыгы, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү себеп болду десем жанылышпайм. Кыргыз Республикасынын «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына ылайык, электрондук акчалар – бул программалык-техникалык жабдууда электрондук түрдө сакталган жана электрондук акчаны чыгарууга укуктуу уюмдун жана электрондук акчаны кабыл алууга макулдугун берген уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркын айтабыз. Кыргызстанда электрондук акча рыногу, болжол менен 2011-жылдан баштап өнүгө баштаган. Биринчилерден болуп электрондук капчыктарды төлөмдөрдө жана эсептешүүлөрдө колдонуу кызматтарын менчик компаниялар сунуштаган. Алар төлөм рыногунун жаңы катышуучусу болуп саналат жана маалымат технологияларында негизделген. Мындай төлөм компаниялар төлөм кызматтардын кардарларына көп ыңгайлуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо үчүн өзүнүн технологияларын рыноктун талаптарына жараша тез ылайыкташтыра алышат.

  1. Электрондук акчанын артыкчылыктары эмнеде?

Электрондук акчаны колдонуу коммерциялык банктарга да жана колдонуучуларга да абдан ыңгайлуу. Мисалга алсак, коммерциялык банктарга өздүк филиал же болбосо сактык касса ачууга финансылык, техникалык жана адамдык ресурстар талап кылынат. Ошондуктан банктар өз кызматтарын аралыктан сунуштоого кызыкдар. Анын артыкчылыктары бул бардык төлөмдөр он-лайн режиминде өткөрүлөт, бул сиздердин төлөмдөр көз ачып жумганча багытталган алуучуга жетерин билдирет. Электрондук капчыктын ээси дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, электрондук капчыктын жардамы менен аралыкта банктык кызматтарды колдонууга мүмкүнчүлүк алат жана акысыз эки жүздөн ашык кызматты төлөй алат, анын ичинде уюлдук байланыш, коммуналдык кызматтар, салык төлөмдөрү, онлайн оюндары жана ушул сыяктуу башка төлөмдөр.

  1. Кыргызстанда бул заманбап төлөм жүргүзүү системасы менен ким алектенет?

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 4 электрондук акча системасы жана электрондук акчаны чыгаруу (эмиссия кылуу) укугун берүүчү лицензия алган 6 коммерциялык банк ишин жүргүзүүдө. 2016-жылдын 2 –чейрегине карата маалымат боюнча: – физикалык жактарга катталган электрондук капчыктардын саны 297 171 даана, ал эми 2-чейректин аягына электрондук акчалардын көлөмү 71,4 млн. сомду түзгөн; – юридикалык жактарга катталган электрондук капчыктардын саны 3 069 даана, ал эми 2-чейректин аягына электрондук акчалардын көлөмү 10,4 млн. сомду түздү.

  1. Бул тууралуу кайдан кененирээк маалымат алса болот?

Кыргыз Республикасында электрондук акчаны чыгаруу (эмиссия кылуу), айландыруу жана жайылтуу ишмердүүлүгүнүн ченемдик укуктук негиздери жөнүндө толук маалымат менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын веб-сайтынан таанышууга мүмкүн. Каттоодон өтүү, электрондук акчаны колдонуу жана айландыруу тартиби, тарифтер жана кызматтын баалары жөнүндө толук маалыматты түздөн түз электрондук акча системасынын операторлорунан жана электрондук акча эмитенти болгон коммерциялык банктардан алууга болот.

  1. Электрондук акча колдонууда эмнелерден сак болуш керек?

Албетте, электрондук акчалардын кемчиликтерин дагы эстен чыгарбаш керек. Бүгүнкү күндө электрондук капчыктагы акча каражаттарынын жоготуусуна алып келүүчү эң башкы кемчиликтер бул хакердик кол салуу жана Интернет тармагындагы алдамчылык операциялар болуп саналат. Эреже катарында, алдамчылардын тузагына электрондук акчаны колдонуудагы тиешелүү коопсуздук эрежелери жөнүндө аз маалымат алган жөнөкөй адамдар түшүп калышат. Мисалга алсак, электрондук капчыкка кирүүгө мүмкүндүк берген логин (наам) жана пароль жөнүндө маалыматты башка адамдарга таратууга жол бербөө жана анын сакталышын камсыздоо керектиги тууралуу баары эле биле бербейт.(Ш.Б)

 

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться