Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз!

Спорт жана дене тарбия жогорку мектебинин студенттери ант беришти.



2016-2017-окуу жылынын башталышына байланыштуу Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин студенттеринин «Кош келиңиз, биринчи курс!» аттуу салтанаттуу кечеси болуп өттү.

Иш-чарага университеттин Текшерүү кеңешинин мүчөлөрү, университет жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышышты.

Студенттик салтанатты ачып аталган жогорку мектептин мүдүрү Канат Жанузаков Манас университетине жаңы келген студенттерге «кош келдиңер» деп, окуу жайдын жетиштүү шарттары жана өзгөчөлүктөрүн айтып, сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүктөр кенен экендигине токтолду. «Студенттерге бир гана талап, ал татыктуу билим алуу», - деп, 2016-2017-окуу жылы ийгиликтүү болушун каалады.

Университет ректору, профессор Себахаттин Балжы да Дене тарбия жана спорт мектебинин студенттерин куттуктап, эки боордош өлкөнүн ортосунда курулган окуу жайдын алдына койгон максаттары ишке ашып жатканын, Кыргызстанда эң мыкты деп саналган Манас университетинде билим алуу бактысы ар кимдин маңдайына жазылбаганын белгилеп, жаштарды дени сак жашоо образын айкаштыруу менен көбүрөөк эмгектенүүгө чакырды.

Андан соң студенттерди жаңы окуу жылынын ачылышы менен куттуктап, Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин бүтүрүүчүсү Сыймык Арстанбеков Манас университетинин студенттери жана жамааты менен жолугушуу кубаныч тартуулап турганын белгилеп, өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

Салт болуп калгандай университетке жаӊы келип, окуй баштаган студенттерге символикалык билим ачкычын 1-курстун Дене тарбия жана спорт мугалими жана машыктыруучуларды даярдоо бөлүмдөрүнүн эӊ мыкты студенттери жана университеттин спорттук символикалык ачкычын самбо боюнча дүйнөнүн биринчилигинин күмүш медалын 2015-2016-жылдагы эки жолу жеңип алган И.Тентиевди жана белбоо күрөшү боюнча Азиянын 2016-жылдагы чемпиону,  жакында Түркиянын Чорум шаарында өткөн дүйнө студенттери арасындагы күрөш боюнча чемпионатынын коло медалын жеңип алган М.Надированы университеттин Текшерүү кеңешинин башчысы, профессор Муса Думан жана ректор, профессор Себахаттин Балжы коло медалы менен куттуктап, белек тапшырды. Ошондой эле жогорку мектептин алдыңкыларын жана университеттин мыкты деп аталган спортчуларына белектерди аталган мектептин бөлүм башчылары менен ага окутуучулары ыйгарышты.

Андан соң окуу жайыбыздын босогосун жаңыдан аттап, билим менен спортту бирдей  өздөштүрүп кетебиз деген студенттер «Жогорку мектептин студенттик ыйык антын» беришти.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт менен соңуна чыкты.

Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз! Спорт жана дене тарбия жогорку мектебине кош келиңиз!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться