Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн экологиялык-техникалык коопсуздугу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн экологиялык-техникалык коопсуздугу

“Ракурс” уктуруусунун студиядагы коногу өкмөттүн алдындагы экологиялык-техникалык көзөмөл агенттигинин архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын улук инспектору  Кубанычбек Шаршенбаев.



Соңку жылдары Бишкекте көп кабаттуу үйлөр жамгырдан кийинки козу карындардай эле жайнап кетти деп көп эле айтылып келет.Маалымат катары айтып өтүүчү нерсе, 2011-жылы Бишкекте 53 көп кабаттуу үйлөрдөгү 2 175 батир пайдаланууга берилген. Салыштырмалуу айта кетсек,үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Бишкете пайдаланууга берилген 15 көп кабаттуу үйдө 89 батирге жашоочулар кирип жашай башташты.Ал эми курулушу ар кыл этапта  жүрүп жаткан көп кабаттуу үйлөр өтө эле көп. Айрымдары ар кыл себептен токтоп турат.Көпчүлүк шаар тургундарын тынчсыздандырган маселе бул көп кабаттуу үйлөрдүн техникалык-экологиялык коопсуздугу,жер силкинүүлөргө туруштуулугу жана техногендик кооптуу аймактарга салынып жаткандыгы. “Ракурс” уктуруусунун студиядагы коногу өкмөттүн алдындагы экологиялык-техникалык көзөмөл агенттигинин архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын улук инспектору Кубанычбек Шаршенбаевдин уктуруунун жүрүшүндө айткандарына таянсак: Өкмөткө караштуу  экологиялык-техникалык көзөмөл агенствосу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун толугу менен  көзөмөлдөйт. Шаарларда көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берилгенден тартып, архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын  инспекторлору  тарабынан курулуштардын бардык этаптарын көзөмөлгө алынат.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться