Улуттук банк маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук банк маалымдайт

2016-жылдын 2-ноябрында Мамлекеттик Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги  менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын адистери биргеликте жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндөгү» 2016-жылдын 23-декабрындагы токтомунун аткарылышын текшерүү максатында мониторинг жүргүзүштү.



Соода жана кызмат көрсөтүү тармагында иштеп жаткан ишкерлердин орун алган аймактык өзгөчөлүктөрүнө карата, белгиленген мөөнөттөргө ылайык, соода түйүндөрү жана соода кеңселери РOS-терминалдар менен жабдылып, банктык төлөм карта ээлерин тейлөөгө даяр болушу шартталат.

Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, ар бир сатып алуучу накталай же нак эмес түрдө төлөм жүргүзүү укугуна ээ болгондуктан, сатуучу алардын бул укугунан ажырата албастыгына байланыштуу кабыл алынган. Токтомдо кээ бир ишмердүүлүктөрдүн тизмеси көрсөтүлгөн, ага ылайык жеке жана юридикалык жактар өзүнүн ишмердүүлүгүн ишке ашырган иш чөйрөсүндө банктык төлөм карталарын колдонуу менен төлөм жүргүзүүчү жабдууларды өз убагында орнотушу керек.Бул тизмеге 50 чарчы метрден ашпаган соода түйүндөрүнөн башка бардык соода-сатык объектилери туура келет. Мындан сырткары, кызмат көрсөтүү чөйрөөсүндө иш алып барган мекемелер дагы, өзүнүн кардарларына нак эмес эсептешүүгө шарт түзүп берүүсү керек. Алардын катарына коомдук тамактануучу жайлар, дарыкана, медициналык борбор, авто унааларга май куюучу жайлар, сулуулук салондору, мейманканалар жана башка ишкердиктин түрлөрү кирет. Жалпысынан 21 ишкердиктин түрү камтылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн негизинде, бир катар соода-сатык мекемелери, коомдук тамактануучу жайлар жана дарыканалар тандалып алынган. 

Мониторингдин жыйынтыгында, тандалып алынган 10 жеке жана юридикалык ишмердүүлүктүн төртөөсү гана банктык төлөм карточкалар аркылуу соода жүргүзүү каралган POS-терминалдар менен жабдылгандыгы белгилүү болду. Ушуга жараша Мамлекеттик Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги тийиштүү жазма буйрук жиберет.

Улуттук банк соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларында жана өзүнүн филиалдарында POS-терминалдарды орнотууну коммерциялык банктар жүргүзөрүн жана алар менчик ээси болуп саналарын белгилейт.

Белгилей кетүүчү нерсе, POS-терминалдарды орнотуудагы чыгымдарды, адистерди окутууну, жетекчилик көрсөтмө берүүчү материалдарды кабыл алууда соода түйүнү эч кандай чыгымдарга учурабайт. Бардык чыгымдарды адатта банк өз мойнуна алат. Соода-сервистик жай коммерциялык банк менен келишим түзүүдө комиссиялык сый акыны келишимдик баада төлөп берет. Ошондой эле соода-сервистик жайлар коммерциялык банктар менен сүйлөшүп, төмөнкү тарифте кызмат көрсөтүү үчүн менчик жабдуу сатып алуу варианты дагы каралат.

 

Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться