“АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси

 5-6 – ноябрда Бишкекте Биринчи“АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси өтөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн натуралдык жана органикалык азыктардын көргөзмө-жарманкеси болот. Жарманкенин уюштуруучусу – “Кыргызстандык агрардык платформасы” коомдук бирикмеси жана “Алма” агрардык журналы.



5-6 – ноябрда Бишкекте Биринчи“АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси өтөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда өндүрүлгөн натуралдык жана органикалык азыктардын көргөзмө-жарманкеси болот. Жарманкенин уюштуруучусу – “Кыргызстандык агрардык платформасы” коомдук бирикмеси жана “Алма” агрардык журналы.

Жарманкени КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министри Турдуназир Бекбоев, “Алма” журналынын түзүүчүсү Бермет Турсалиева жана КР Украинанын Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Дорошенко ачат.

Салтанатта органикалык азык өндүрүүчүлөр тарабынан уюштурулган оюндардын, викториналардын жыйынтыктары чыгарылат. Иш-чарага өлкөнүн жаштар кыймылдарынын мүчөлөрү жигердүү катышат. Муну менен жаштардын айыл чарба тармагына кызыгуусу күчөйт деп үмүттөнөбүз.

  Иш-чаранын уюштуруучусу Агрардык платформа коомдук бирикменин жетекчиси Бермет Турсалиева “Ракурс” уктуруусунун мейманы катары “Манас” радиосунун угармандарына Алма-Экспо” 1-күзгү жарманкеде практикалык мастер-класстары, вегетариандык тамактардан ооз тийүү, Кыргызстандын жаштар кыймылдарынын флеш-мобдору, мода көрсөтүү, туура тамактануу жана био-азыктар боюнча пайдалуу лекциялар менен коштолоорун айтты.

Жарманке биздин аграрийлер менен чет элдик коноктордун ортосунда диалогго, тажрыйба алмашууга платформа болуп бермекчи. Жарманкени өткөрүү салтка айланып, шаарыбыздын жашоочулары жана коноктору жеткиликтүү баада табигый азыктардын көп түрлөрүн сатып ала алат деп үмүттөнөбүз.

Жарманкеде бал, эт-сүт азыктары, байыркы көчмөн кыргыздардын рецеби менен даярдалган талкан азыктары, унутта калган рецепттер менен жасалган улуттук суусундуктар, тоо мөмө-жемиштеринен даярдалган продукциялар, кол өнөрчүлөрдүн оригиналдуу жасалгалары сатыкка коюлат. Иш-чарага Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарынан натуралдык, органикалык азыктарды чыгарган  50 дөн ашык компаниялардын катышуусу күтүлүүдө.

“АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси “АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси “АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси “АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси “АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси “АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси “АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси “АЛМА-ЭКСПО 2016» күзгү айыл чарба жарманкеси

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться