«Эразмус +» семинары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Эразмус +» семинары

Манаста «Эразмус +» семинары өттү.



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Эразмус +» долбоору боюнча семинар уюштурулду. Семинарды аталган долбоордун Кыргызстандагы координатору Гүлнара Чокушева алып барып, долбоордун маани-максаты тууралуу айтып берди.

Семинардын жүрүшүндө Гүлнара Чокушева КТМУнун студенттерине аталган долбоор менен окууга өткөндөр кайсы критерийлерге маани берүү керектигине басым жасап, студент жана окутуучуларды кабыл алган чет өлкөлөр жана билим берүүдөгү каржылоо, кадрларды даярдоо маселелерине токтолду жана студенттерди кызыктырган суроолорго да жооп берди.

Баса белгилей кетсек, 2014-2020 жылдар ичиндеги «ϴмүр бою үйрөнүү» программасынын алкагында берилип келген гранттар мындан ары жогорку билим алуу «Эразмус +» программасынын алкагында Европа биримдиги комиссиясы тарабынан каржыланышы пландалууда.

Аталган долбоор тууралуу маалыматты кененирээк бул шилтемеден окуңуз: http://eacea.ec.europa.eu/erasmus-plus_en

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланышуу бюросу

«Эразмус +» семинары «Эразмус +» семинары «Эразмус +» семинары «Эразмус +» семинары «Эразмус +» семинары «Эразмус +» семинары

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться