Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жаңы коллекциялык күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жаңы коллекциялык күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды

«Жусуп Баласагынга 1000 жыл» коллекциялык күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды.  



Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2016-жылдын 1 ноябрынан тартып орто кылымдагы белгилүү акын, ойчул, түрк поэзиясынын негиздөөчүсү, окумуштуу-энциклопедист, мамлекеттик башкаруу ишинин теориясы менен практикасына, түрк дүйнөсүнүн руханий жана маданиятына эбегейсиз салым кошкон инсанга арналган «Жусуп Баласагынга 1000 жыл» коллекциялык күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды.  

Бул монета Улуттук банкы тарабынан элдин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн биримдигин чыңдоо үчүн ойчулдун идеяларын кеңири жайылтуу, Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасын сактоо жана мындан ары өнүктүрүү максатында чыгарылган. 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин Жусуп Баласагындын Кашкардагы күмбөзүнө түшүрүлгөн анын портрети жана Бурана мунарасынын фрагменти түзөт. Монетанын сол тарабында «Кутадгу билиг» поэмасынын аталышы чагылдырылган, ал алтын жалатуу технологиясын менен аткарылган жана монетанын салмагы (28,28g) жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°) көрсөтүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө «Жусуп Баласагынга 1000 жыл» жазуусу берилген. 

Монетанын арткы бетинде Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» поэмасынан алынган саптар жана караханиддер доорунун архитектуралык эстелиги –кыргыз тоолорунун фонунда орун алган Бурана мунарасы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби, ал эми төмөнкү жагында монетанын чыгарылган жылы (2016) жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу көрсөтүлгөн. 

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться